00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстанда виртуалдык активдер рыногу кандай көзөмөлдөнүп жатат?
11:35
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Эми спорттук медицина өнүгөт — “Мүрөк” борбору качан ачылат?
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жогорку Кеңеш парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу мыйзамын кабыл алды

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOЖергиликтүү шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоо учурунда. Архив
Жергиликтүү шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоо учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Демилгечинин айтымында, парламенттик шайлоону Конституциялык реформа жүргүзүлгөндөн кийин өткөрсө болот. Бирок ал 2021-жылдын 1-июнуна чейин уюштурулушу керек.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөдө парламенттик шайлоону белгисиз мөөнөткө жылдырууга макул болду.

Бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өткөн жыйында аталган мыйзам долбоору дароо биринчи, экинчи жана үчүнчү окуудан тобу менен каралды.

Жыйында көп талкуу болгон жок, Дастан Бекешев менен Аида Касымалиева гана суроо узатты. Ошол маалда айрым депутаттар суроо-талкуусу жок эле добуш берүүгө өтүүнү сунуштады.

Натыйжада 83 депутат колдоп, бир дагы каршы добуш берилген жок.

Аталган мыйзам долбоорунун негизги демилгечиси Акылбек Жапаров бул өлкө экономикасын жана эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен сунушталып жатканын билдирди.

"Биз Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону кайра өткөрүү мөөнөтүн токтото турууну сунуштап жатабыз. Азыр БШКнын иши токтоп калды, парламент менен президент иштей турган Ак үй талкаланган. Аны оңдоого 450 миллион сом кетет. Мен премьер-министрдин экономикалык жана финансы маселери боюнча кеңешчиси катары айтып коёюн, азыркы өкмөт социалдык төлөмдөрдү бере алат. Бирок кеминде ар бирине 450 миллион сом талап кылынган шайлоолорду өткөрүүгө каражат жетишсиз", — деди Жапаров.

Шайлоолордун мөөнөтүн жылдырууну кайсы депутаттар демилгеледи. Тизме

Ошондой эле ал партиялык система менен өткөн быйылкы парламенттик шайлоо натыйжасыз болуп, БШК жыйынтыгын жокко чыгарганын кошумчалады. Ал эми парламенттик шайлоону Конституциялык реформа жүргүзүлгөндөн кийин өткөрсө болорун, бирок ал 2021-жылдын 1-июнуна чейин болушу керектигин белгиледи.

Соңунда Жапаров демилгеленген мыйзам долбоору саясий-экономикалык кырдаалды турукташтырарын айтып, документ конституцияга каршы келбейт жана тийиштүү экспертизадан өткөнүн билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0