Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү долбоору биринчи окуудан өттү. Эрежелери

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаседание Жогорку Кенеша в госрезиденции "Ала-Арча"
Заседание Жогорку Кенеша в госрезиденции Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңыдан сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда кайра шайлоо өткөрүүгө негиз болгон төрт демилге сунушталууда.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.

Бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өткөн жыйында демилгечилердин бири Алтынбек Сулайманов баяндама жасады.

Натыйжада эл өкүлдөрү сунушталган мыйзам долбоорун колдоп берди. Алдыда дагы экинчи, үчүнчү окууда каралат.

Сулайманов: толкуган жаштар 120 депутатты да кошуп кууса болмок экен

Эгер мыйзам күчүнө кирсе:

  • Парламенттик шайлоонун күрөөсү 5 миллион сомдон 1 миллион сомго түшүрүлөт;
  • Босого чеги 7 пайыздан 3 пайызга төмөндөтүлөт;
  • Шайлоо участкасын алмаштырууга шарт түзгөн №2 форма жокко чыгарылат. Анын жолу татаалдаштырылат;
  • Шайлоого катышууга ниети бар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жумуштан убактылуу гана четтетилбей, толугу менен кызматтан бошотулат.
Жаңылыктар түрмөгү
0