COVID күчөп кетсе Бишкек даяр болушу керек. Түлеевдин биринчи жыйыны

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек мэринин милдетин аткаруучу Нариман Түлеев
Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Нариман Түлеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эртең менен биринчи вице-мэр болуп дайындалган Түлеев Азиз Суракматов кызматтан кеткенден кийин шаар башчысынын милдетин аткарып калды.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Нариман Түлеев коронавирус пандемиясы шарттаган экономикалык кырдаалга тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу жетекчинин биринчи жыйынында белгилүү болду.

Эскерте кетсек, Түлеев бүгүн эртең менен вице-мэрликке дайындалып, шаар башчысы Азиз Суракматов кызматтан кеткенден кийин калаа жетекчисинин милдетин аткарып калды.

Түлеев: чынын айтсам, мэрияга баргым келген эмес

Түлеев вице-мэрлерди, акимдерди жана шаар кызматтарынын жетекчилерин чогулткан.

"Мэрдин милдетин аткаруучу коронавирус пандемиясы шарттаган экономикалык абалга тынчсыздануусун билдирди. Экономика жана финансы боюнча вице-мэр Алмаз Бакетаевге райондук салык башкармалыктарынын жетекчилерин чогултуу тапшырылды", — деп айтылат маалыматта.

Түлеев эпидемиологиялык абал өлкө боюнча татаал экенин белгилеп, вирус жайылып кете турган болсо шаар ага даяр болушу керектигине токтолгон.

Мындан тышкары, жыйында шаар кызматтары калааны тазалоо иштерин күчөтүшү керектиги кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0