БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Бишкек мэри Азиз Суркакматов шаар башчылык кызматтан кетип жаткандыгын Sputnik Кыргызстан агенттигине маалымат булактар билдирди.
Бул туурасында ал расмий түрдө жакынкы маалымат жыйында билдирерин айтты.
Бүгүн Бишкек мэриясында вице-мэрлер алмашып, Нариман Түлеев Бишкектин биринчи вице-мэри болуп келген.
Түлеев 2008-2010-жылдары шаар башчысы болуп иштеген эле.
Эске салсак, мэрди шаардык кеңеш дайындайт. Талапкерди фракциялар, Бишкек шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясы жана премьер-министр сунуштай алат.