БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Нариман Түлеев Бишкектин вице-мэри болуп дайындалды. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Мындай токтомго шаар жетекчиси Азиз Суракматов кол койгон.
Буга чейин аталган кызматта Алмаз Бакетаев иштеп келген, эми ал турак жай-коммуналдык маселелер боюнча вице-мэрликти алып барат. Ал орундагы Алимбек Абдылдаев мэр Суракматовдун кеңешчиси болуп дайындалганы айтылды.