Семетеев Кадыржан Эргешович — өмүр баян

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевБажы кызматкеринин формасы. Архив
Бажы кызматкеринин формасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кадыржан Семетеев 1966-жылы 5-июнда туулган. 2020-жылдын октябрында Бажы мамлекеттик кызматынын жетекчиси болуп дайындалды.

Эмгек жолу:

  • 1986 — Жарандык авиация боюнча Оштогу бириккен авиаотряддын стажер-техниги, слесарь-оңдоочусу, үчүнчү класстагы техниги;
  • 1986–1992 — Жарандык авиация боюнча Оштогу бириккен авиаотряддын күйүүчү жана майлоочу майлар боюнча III разряддагы авиациялык техниги;
  • 1992–1995 — Оштогу бажынын инспектору;
  • 1995–1997 —"Түштүк" темир жол бажысынын "Ош 1-2" бажы постунун башкы инспектору;
  • 1997–1998 — Оштогу Бажы кызматынын башкы инспектору;
  • 1998–1999 — "Түштүк" темир жол бажысынын башкы инспектору;
  • 2000 — Оштогу Бажы кызматынын жетекчисинин орун басары, жетекчисинин орун басарынын милдетин аткаруучу;
  • 2000–2002 — Оштогу Бажы кызматынын жетекчисинин орун басары;
  • 2002 — "Түндүк" темир жол бажысынын начальнигинин орун басары;
  • 2002–2003 — Жалал-Абад бажысынын орун басары;
  • 2003–2005 — Бишкек бажысынын жетекчиси;
  • 2005–2006 — Бажы мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары;
  • 2006–2010 — Бажы мамлекеттик инспекциясынын Кадрлар менен камсыздоо башкармалыгынын начальниги;
  • 2010–2011 — Бажы мамлекеттик кызматынын Уюштуруу жана кадр менен камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси;
  • 2010–2012 — Бажы мамлекеттик кызматынын Персоналдар менен иштөө башкармалыгынын начальниги;
  • 2012–2013 — "Түндүк" темир жол бажысынын жетекчисинин милдетин аткаруучу, жетекчи;
  • 2013–2014 — Бажы мамлекеттик кызматынын Кесиптик жана кинология кызматы борборунун начальниги;
  • 2014 — Бажы мамлекеттик кызматынын бажы союзунун маселелери боюнча бөлүмүнүн жетекчиси;
  • 2015–2016 — Бажы мамлекеттик кызматынын төрагасынын кеңешчиси;
  • 2016 — Бажы мамлекеттик кызматынын Бажы иштерин уюштуруу боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары;
  • 2016–2017 — Бажы мамлекеттик кызматынын Персоналдар менен иштөө башкармалыгынын начальниги;
  • 2017–2018 — Бажы мамлекеттик кызматынын Бажыдан кийинки көзөмөл жана тобокелчиликтер менен иштөө башкармалыгынын жетекчиси;
  • 2018 — Бажы мамлекеттик кызматынын бажыдан кийинки көзөмөл бөлүмүнүн жетекчиси;
  • 2018–2020 — Бажы мамлекеттик кызматынын Бажыдан кийинки көзөмөл башкармалыгынын жетекчиси;
  • 2020-жыл, октябрь — Бажы мамлекеттик кызматынын жетекчиси.
Жаңылыктар түрмөгү
0