Ооруга карабай... Нурмагомедов менен Гэтжинин кармашына эл келиши мүмкүн

© AP Photo / Mahmoud KhaledТурнир UFC 242 в Абу-Даби. Хабиб Нурмагомедов против Дастина Порье
Турнир UFC 242 в Абу-Даби. Хабиб Нурмагомедов против Дастина Порье - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус пандемиясына байланыштуу массалык иш-чараларга тыюу салынгандыктан, UFC уюмунун беттештери көрүүчүлөрү жок өтүп жаткан.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) жетекчилиги россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Жастин Гэтжи катышкан турнирге көрүүчүлөрдү киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу "Известия" спорт журналисти Бретт Окамотого шилтеме берип жазды.

"Абу-Дабинин Маданият жана туризм департаменти эмки жумада боло турчу UFC 254 турнирине азыраак санда кишини киргизүү сунушун жактырды", — деп жазган журналист Twitter баракчасында.

Хабиб Нурмагомедов: UFC уюмун берсе да Конор менен шоуга катышпайм

Анын айтымында, шаар бийлиги иш-чарага күйөрмандарды киргизүүнүн жол-жобосу боюнча иштеп жатат.

Эскерте кетсек, Нурмагомедов 24-октябрда Абу-Даби шаарында Гэтжи менен күч сынашат. Анда россиялык мушкер наамын үчүнчү ирет коргомокчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0