БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын ичинен беш бейтап каза тапты. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.
Кечээ каза болгондор:
- Ош шаары – 1 адам;
- Ош облусу – 3 адам;
- Талас облусу – 1 адам.
Бир жумада 19 киши көз жумду. Кыргызстандагы соңку статистика
Бүгүнкү маалыматта республика боюнча 298 кишиден COVID чыкканы айтылды.
Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус жана пневмониядан каза болгондордун саны 1090ду чапчыды.
Саламаттык сактоо министрлиги, дарыгерлер элди коронавирустан сактануу үчүн тиешелүү эрежелерди сактоо зарылдыгын улам айтып эскертүүдө.