Жээнбеков Бишкек шаарына кайрадан өзгөчө абал режимин киргизди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн чогулушунун учурунда
Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн чогулушунун учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы жарлыктын чыгышына Жогорку Кеңеш үч күндүн ичинде өзгөчө абал режимин киргизүү маселесин карабай койгону негиз болду.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын аймагына кайрадан өзгөчө абал режимин киргизүү жарлыгына кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган чечим Жогорку Кеңеш үч күндүн ичинде борбор калаанын аймагында буга чейин өзгөчө абал режимин киргизүү жөнүндө маселени карабагандыгына байланыштуу кабыл алынган.

Өзгөчө абалдын массалык башаламандыктардын натыйжасында күч колдонуу менен адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч жараткан кырдаал сакталгандыгына байланыштуу жарандардын өмүрүн, саламаттыгын, алардын коопсуздугун сактоонун өзгөчө кызыкчылыгын көздөп, ошондой эле коомдук-саясий кырдаалды тез арада турукташтыруу, Бишкек шаарынын аймагында коомдук тартипти камсыз кылуу максатында киргизилип жатканы айтылат.

Анын негизинде:

  • Бишкектин аймагында 2020-жылдын 12-октябрынан саат 20.00дөн баштап 2020-жылдын 19-октябрына саат 07.00гө чейин өзгөчө абал киргизилди.
  • Өзгөчө абал киргизилген мезгилде ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев Бишкек шаарынын коменданты болуп дайындалып, режимди камсыздоо үчүн комендатура түзүлдү.
  • Бишкек шаарынын аймагында төмөнкүдөй өзгөчө чаралар, жарандардын укуктарын жана эркиндигин убактылуу чектөөлөр жана алардын кошумча милдеттери аныкталды:
  • коменданттык саат киргизилип, жарандардын келип-кетүүсүнүн өзгөчө режими коюлду;
  • мындан сырткары, коомчулук, ЖМК өкүлдөрү үчүн бир нече талаптар коюлду;
  • жарандар массалык топтолгон жерлерде документтер текшерилет жана байланышты пайдалануунун өзгөчө эрежелери киргизилери айтылды;
  • күч түзүмдөрүнүн жана башка органдардын Бишкек шаарынын комендантына бардык болгон каражаттары жана күчтөрү менен ар тараптан көмөк көрсөтүү тапшырылган.

Милиция Бишкекте түн кандай өткөндүгүн айтып берди

“Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, ошондой эле Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабы, ишке тартылган башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоодо, коопсуздугун камсыз кылууда комендантка бардык бар болгон каражаттары жана күчтөрү менен ар тараптан көмөк көрсөтсүн”, — деп айтылат маалыматта.

Бүгүн Бишкек шаарынын учурдагы коменданты мамлекет башчыга борбор калаада коменданттык саатты узартууну сунуштаган

Аталган жарлык президент кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0