Бишкекте өзгөчө абал узарабы? Комендант Орозалиев президентке сунуш киргизди

© Sputnik / Жоомарт УраимовРазвод-инструктаж Бишкекского гарнизона с участием всех силовых структур
Развод-инструктаж Бишкекского гарнизона с участием всех силовых структур - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жээнбеков учурда коомдогу тынчтык жана туруктуулук менен элдин турмушунун коопсуздугу башкы маселе экенин айткан.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Таалайбек Өмүралиевди кабыл алып, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды мындан ары турукташтыруу, жарандардын саламаттыгы менен өмүрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды талкуулады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Бишкекте өзгөчө абал режими токтошу мүмкүн. Жарлыктын мөөнөтү өтүп бара жатат

Ага Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Жаныбек Капаров жана ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев катышкан.

"Жээнбеков бүгүнкү күндө өлкөнүн күч органдарынын көңүл борборунда биринчи кезекте коомдогу тынчтык жана туруктуулук менен эл турмушунун коопсуздугу турушу керектигин баса белгиледи. Ошондой эле Коопсуздук кеңешинин катчылыгы менен күч органдарынын өз ара натыйжалуу иштешүүсүн камсыз кылуунун маанисине көңүл бурду", — деп айтылган маалыматта.

Бишкектин коменданты Орозалиев Бишкекте өзгөчө абал режимин узартуу маселесин кароону сунуш кылган.

"Орозалиев борбор калаада өзгөчө абал киргизилгенден тартып кылмыштуулук менен укук бузуулардын саны кескин кыскарганына токтолду. Ошол эле маалда Бишкек шаарынын тургундары тарабынан көптөгөн өтүнүчтөр айтылып жатканын билдирген комендант коомдук-саясий кырдаалды мындан ары турукташтыруу үчүн борбор шаарга өзгөчө абал режимин узартуу маселесин кароону сунуш кылды", — деп жазылат маалыматта.

Жээнбеков экс-президент Роза Отунбаева менен жолукту. Ортодо эмне кеп болду

Өмүралиев өзгөчө абал режиминин алкагында аскер кызматкерлери кызмат кылуусун, анын ичинде Бишкек шаарынын комендатурасы менен өз ара иштешүүнү улантып жатканын маалымдаган.

Капаров Бишкек шаарында 5-6-октябрь күндөрдөгү окуялардын жүрүшүндө жаракат алган укук коргоо органдарынын кызматкерлерине Башкы командачысынын атынан материалдык жардам көрсөтүлгөндүгүн айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0