Бишкектеги коменданттык саат 21:00дөн 05:00гө чейин созулат

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOБишкек шаарындагы аскер кызматкерлери
Бишкек шаарындагы аскер кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков борбор калаага 21-октябрга чейин өзгөчө абал киргизүү боюнча жарлыкка кол койгон. Анын алкагында коменданттык саат каралган.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Бишкектеги коменданттык сааттын убактысы кечки 21:00дөн тарта таңкы 05:00гө чейин созулат. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Тиешелүү буйрукка шаардын коменданты Алмазбек Орозалиев кол койду.

"Ала-Тоо" аянтына аскер унаалары келе баштады. Сүрөт

Эскерте кетсек, кечээ, 9-октябрда, мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков борбор калаага 21-октябрга чейин өзгөчө абал киргизүү боюнча жарлыкка кол койгон. Анын алкагында коменданттык саат киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0