00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
06:04
38 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
5 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
7 мин
Көз мончок
Үй бүлөдө балдарды гендердик бөлүп тарбиялоо маанилүүбү?
17:08
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Как накопить на первоначальный взнос и приобрести жилье от ГИК - о программе "Накопительная ипотека"
18:07
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Туяк
Кененсары эки бөйрөгүн суурутуп алса да “кыңк” дебей кармашкан Жаманкара баатыр
19:07
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Будущее атомной энергетики в Кыргызстане: перспективы и вызовы
20:06
37 мин
Особый акцент
Эмне үчүн аутизм менен ооруган балдар көбөйүүдө? — белгилери, симптомдору жана себептери
23:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жээнбеков президенттиктен бир шарт менен кетүүгө даяр экенин айтты

Жазылуу
4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл толкуп, Ак үйдү басып алгандан кийин БШК аны жокко чыгарган.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-октябрда, өлкөдөгү саясий абалга байланыштуу кыргызстандыктарга кезектеги кайрылуусун жасап, өлкө мыйзамдуу жолго түшкөн соң президенттик кызматтан кетүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Мамлекет башчысынын кайрылуусун толугу менен беребиз:

"Урматтуу мекендештерим!

Өлкөдөгү саясий кырдаал курч абалга жетти.

Аны жөнгө салуу үчүн төмөнкү кадамдарды жасайлы.

Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгардык. Эми жаңы парламенттик шайлоо дайындалат. Бул боюнча БШК өзүнүн тиешелүү чечимин кабыл алат. Бул кадамдар азыркы саясий тирешүүлөрдү басаңдатат деп ишенем.

Аны менен катар кризиске чейин иштеп келген өкмөт башчысын жана өкмөт мүчөлөрүн отставкага кетирип, кийинки дайындоолорго мыйзамдуу жол ачуу керек.

Жаңы премьер-министрди жана өкмөт мүчөлөрүн дайындоону легитимдештирүү үчүн Жогорку Кеңештин токтому жана президенттин Жарлыгын чыгаруу зарыл.

Мен тиешелүү Жарлыктарга кол коюуга даярмын, ал үчүн Жогорку Кеңештин тиешелүү токтомун күтөм. Жогорку Кеңештин депутаттарынын өз милдетин аткаруусун камсыз кылуу үчүн укук коргоо органдары депутаттардын коопсуздугун камсыз кылуусу керек.

Урматтуу мекендештерим, дагы бир ирет кайталайм — мен азыркы кызматтык өзгөрүүлөрдү мыйзамдаштырып, кырдаалды укуктук талаага кайтарууга зарыл болгон чечимдерге кол коюуну көздөйм.

Мен үчүн эч бир кызмат мамлекеттин бүтүндүгүнөн, элдин биримдигинен, коомдун тынчтыгынан бийик эмес.

Азыркы кырдаалды тез арада укуктук талаага салып, бардык мамлекеттик органдарды, өкмөттү легалдуу статуска ээ кылып, өлкө мыйзамдуу жолго түшкөн соң, президенттик кызматтан кетүүгө даярмын.

Саясий тараптарды элди бөлүп-жарбоого жана коомго бүлүк салбоого чакырам.

Кудай колдоп, бардык саясий күчтөргө акыл-эстүүлүк, сабырдуулук берсин!"

Жаңылыктар түрмөгү
0