00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Сооронбай Жээнбеков: саясий күчтөрдөн конкреттүү кадамдарды күтөм. Видео

Жазылуу
Сооронбай Жээнбеков президент катары азыркы абалдан чыгууга болгон күч-аракетин жумшап жатканын билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков элге кайрылуу жасап, ошону менен катар саясий күчтөрдөн конкреттүү кадамдарды күтөрүн билдирди.

Кайрылуунун видеосу КР президентинин  YouTube-каналына жүктөлдү.

"Айрым саясий күчтөрдүн аракеттеринен улам өлкөбүз саясий туңгуюкка кептелгенине үч күн болду. Бардык кыргызстандыктардын жүрөгү ооруп турат. Бул кырдаалдын чечилишин  менден талап кылып жатканыңарды толук түшүнөм. Президент катары бул абалдан чыгууга күч аракетимди толук жумшоодомун. Ушул максатта бардык саясий күчтөр менен жеке сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатам", — деди президент.

Ошондой эле ал азыркы абалдан чыгуу үчүн андан талап кылынган кадамдарга даяр экенин билдирди.

"Бирок кырдаалды жөнгө салуу милдетин алам деген тараптардан сүйлөшүү үчүн бирдиктүү аянтча сунуштала элек. Азыр болуп жаткан кызмат алмашууларды легитимдештирүү зарыл. Ал үчүн тийиштүү Жарлыктарга кол коюшум керек. Саясий туңгуюктан өлкөнү алып чыгуу үчүн ушул расмий документтер зарыл", — деди Жээнбеков.

Сөзүнүн аягында мамлекет башчы "элдин сабырдуулугуна таазим этип, саясий күчтөрдөн конкреттүү кадамдарды күтөрүн" кошумчалады. 

Кыргызстандагы абал

5-октябрь күнү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон сегиз партия "Ала-Тоо" аянтына митингге чыккан. Кечке жуук чогулгандардын саны көбөйүп, милиция кызматкерлери аларды кууп таратууга аракет кылган. Түнкү саат үчтөргө чукул митингчилер Ак үйдү алышты. Көп өтпөй акциянын катышуучулары УКМКнын имаратын басып кирип, алгач абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди бошотушкан. Бир нече саат ичинде мурдагы өкмөт башчылар — Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, саясатчылар — Садыр Жапаров, Равшан Жээнбеков, эртеси түштө Фарид Ниязов жана Бишкектин экс-мэри Албек Ибрагимов чыгарылган.

7-октябрга караган түнү Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Кубатбек Боронов кызматтан кетти. Жумабековдун ордуна депутат Мыктыбек Абдылдаев шайланды. Ал эми парламенттин кезексиз жыйынында премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлиги жактырылган. Бул чечимге, негизи эле бийликке кайра эски жүздөрдүн келишине нааразы болгон топ өкмөт үйүнүн алдына митингге чыккан. Көп өтпөй алар "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Тилек Токтогазиевди өкмөт башчылыкка сунуштап, өкмөт үйүндө талаш-тартыш болгон. Кечке маал Жогорку Кеңештин маалымат катчысы  депутаттар бүгүн бир нече ирет жолугушууларды өткөргөнүн билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0