БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Учурда оппозициялык күчтөр ээлеп алган Бишкек мэриясында абал кандай экенин жеринен Sputnik Кыргызстандын кабарчысы айтып берди.
"Мэрия имаратында элдик кошуундун өкүлдөрү жүрөт. Эч ким өзүнүн агрессиясын көрсөткөн жок. Абал тынч", — деди кабарчы.
Оппозициялдык күчтөрдүн маалыматына караганда, жакын арада координациялык кеңешме өткөрүлүп, анда шаарды мындан ары башкаруу боюнча чечим кабыл алынат.