Канатбек Исаев жетектеген саясий уюм ушуну менен экинчи ирет парламентке бара жатат. Программасын "Экономика саясаттан маанилүү!" деген сап менен баштаган. Адегенде эле чиновниктердин санын кескин кыскарта турганын айтып, бирок кайсы органда иштегендер кызматынан кол жууй турганын белгилеген эмес.
Sputnik агенттиги "Кыргызстан" саясий партиясынын элге берген негизги убадалары менен тааныштырат.
Соттор эл алдында жооп берет. "Биримдик" кандай убада менен шайлоодон жеңди
Паракорлукту түп-тамырынан жоёбуз
Биздин өлкөдө көптөгөн чиновниктер жана бири-бирин кайталаган мамлекеттик органдар көп. Партия натыйжасыз чиновниктерди кыскартууга жетишет. Өлкөгө компетенттүү гана адистер керек, ошондуктан биз аларга татыктуу эмгек акы төлөшүбүз абзел. Бул паракорчулукту түп-тамырынан жоюуга өбөлгө түзөт.
Ар бир чиновниктен отчёт алуу тутумун түзөбүз.
Мамлекеттик текшерүүлөрдү кыскартабыз.
Биз көзөмөлдөөнүн так жана ачык тутумун түзөбүз.
Натыйжалуу мыйзамдар натыйжасыз жана коррупциялык мамлекеттик текшерүүлөрдү жокко чыгарат.
Биздин мигранттар – биздин инвесторлор!
Россияда Кыргызстандын 600 миңден ашык жараны жашайт. Алар өлкө үчүн мыкты инвесторлор.
Ар бир эмгек мигрантынын кесиби болушу керек. Бул үчүн биз өлкөнүн бардык аймактарында акысыз кесиптик билим алууга мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Бул ага жумуш таап кирешесин көбөйтүүгө жардам берет.
Ошондой эле жарандарыбызга кош жарандуулук берүүгө жетишкенге аракет кылабыз.
Салыктар азаят
Салыктарды максималдуу кыскартуу программасын иштеп чыгабыз.
Төмөн салыктар дүйнө жүзү боюнча олуттуу инвестицияларды тартууга мүмкүнчүлүк берет. Бул айлык акысы жогору болгон жумуш орундарынын санын, ошондой эле пенсия жана жөлөк пулдарды көбөйтүүгө шарт түзөт.
Заманбап ооруканаларды курабыз
Биз заманбап ооруканаларды курабыз жана Медициналык тез жардамдын сапатын жакшыртып, керебеттердин санын көбөйтөбүз. Жогорку технологиядагы медицинанын өнүгүшү үчүн шарттарды түзөбүз. Бул биринчи кезекте жугуштуу ооруларды алдын алуунун ролун жогорулатат.
Тез жардам станциялары жетиштүү сандагы тез жардам унаалары менен жабдылышы керек.
Медицина кызматкерине кам көрүү — партиянын артыкчылыктуу максаттарынын бири. Адам өмүрүн сактагандар эң жогорку деңгээлдеги жашоого татыктуу.
Арзан баадагы турак жай
Биз таштандыларды натыйжалуу иштетип, таштандыларды кайра иштетүүчү заманбап ишканаларды ишке киргизебиз.
Арзан баада турак жай куруунун жаңы механизмин иштеп чыгабыз.
Ипотеканын алгач негизги суммасын, андан кийин пайыздарды төлөп бергендей кылууга жетишебиз. Бул ипотека насыясынын жалпы суммасын эки эсеге кыскартат.
"Балага сүйүнчү" 50 миң сом
Жаңы төрөлгөн ымыркайларга берилүүчү сүйүнчү пулду 50 миң сомго чейин жеткирүүгө аракетибизди улантабыз.
Биз жетимдерди жана балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүн турак жай менен камсыздоо механизмин иштеп чыгабыз.
Мугалимдер өнүккөн өлкөлөрдө билимин жогорулатат
Биз мугалимдерге өнүккөн өлкөлөрдө билим деңгээлин жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн беребиз.
Мыйзамдуу түрдө мугалимдердин "Атайын статусун" аныктайбыз.
ЕАЭБ мүмкүнчүлүктөрүн 100 пайыз пайдалануу
Бүгүнкү күндө Кыргызстан ЕАЭБдин активдүү эмес мүчөсү болууда жана биз колдон чыгарылган мүмкүнчүлүктөрдүн толук спектрин көрүп жатабыз.
ЕАЭБдин мүмкүнчүлүктөрү жана потенциалы 185 миллион сатуу рыногуна жол ачат.
Кыргызстан өз экономикасын өнүктүрүү жана модернизациялоо үчүн ЕАЭБдин мүмкүнчүлүктөрүнүн бардык көлөмүн колдонушу керек.
Бир вице-премьерди Ошко көчүрүү
Партия чек ара жана күч түзүмдөрүн тескеген вице-премьерди Ош шаарына которууну сунуштайт.
Күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин орун басарларынан турган курам өлкөнүн чек ара аймактарында болушу керек.
Чек аралар такталбаган аймактарга жана жарандарга өзгөчө статус берилиши зарыл.
Жылына эки миллион турист тартабыз
Биз туризм тармагына заманбап иш ыкмаларын киргизебиз. Инфратүзүлүштү жана кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү үчүн шарт түзөбүз.
Биз мыйзамдуу түрдө ар бир туристтин коопсуздугун камсыз кылабыз.
"Кыргызстан" партиясынын программасын толугу менен БШКнын сайтынан окуй аласыздар.