Жекшембиге карата аба ырайы

© AFP / ARMEND NIMANIКол чатыр көтөргөн адам. Архив
Кол чатыр көтөргөн адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
4-октябрда түнкүсүн республиканын кээ бир райондорунда жаан, бийик тоолуу региондордо кар жаашы ыктымал.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. 4-октябрда күндүз Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Республиканын калган аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Бишкекке жылуулук качан берилет? Мэриянын түшүндүрмөсү

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +16...+21, Талас жергесинде +15…+20, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +19...+24, Ысык-Көл, Нарын аймактарында +11...+16 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +19...21, ал эми Ошто +22...+24 градуска чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0