Соңку суткада коронавирустан Ош облусунда бир адам көз жумду

© REUTERS / David W CernyМедициналык кызматкер COVID-19 бейтаптын колун кармап турат
Медициналык кызматкер COVID-19 бейтаптын колун кармап турат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда жайылгандан бери коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 46 355 кишиге жетти. Өлкөдө аталган вирус кайрадан баш көтөрүүдө.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Акыркы суткада Кыргызстанда COVID-19дан бир адам көз жумгандыгын Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

“Соңку суткада коронавирустан Ош облустар аралык ооруканасында дарыланып жаткан адам каза тапты”, -деп айтылган билдирүүдө.

Муну менен коронавирустан көз жумгандардын саны 1064 адамга жетти. Ал эми ооруну жуктуруп алгандардын саны 46 355 киши болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0