Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровРека Чу на границе Иссык-Кульской и Нарынской областей вблизи города Балыкчы
Река Чу на границе Иссык-Кульской и Нарынской областей  вблизи города Балыкчы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шейшембиге караган түнү Ысык-Көл, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Шейшемби күнү, 29-сентябрда, күндүз Баткен облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан жаап, тоолуу райондорунда кар түшөт. Ал эми өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Кар жаап, суук түшөбү? Бир жумага карата аба ырайы

Абанын температурасы Чүйдө +15...+20, Талас, Нарын жана Ысык-Көл аймактарында +14...+19, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +16...+21 градус болору айтылды.

Күндүн табы борбор калаабыз Бишкекте +18...+20, Ош шаарында +19...+21 градус жылыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0