Армения менен Азербайжандын чатагы. Тараптардын бири аскердик абал жарыялады

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүӨзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах республикасындагы Степанакерт шаары. Архив
Өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах республикасындагы Степанакерт шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Карабах чыры 1988-жылдын февраль айында башталган. Анда Карабах автономдук облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыгарын жар салган.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Өткөн түнү Армения менен Азербайжан чектешкен аймактагы өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах республикасында жаңжал чыгып, таң аткыча аскердик кагылышууларга чейин жетти. Мындан улам республика президенти аскердик абал жарыялаганын РИА Новости жазды.

Эртең менен Азербайжандын Коргонуу министрлиги алардын аскерлерине жана бир нече айылга Армения тараптан миномёттор менен аткылоо болгонун айтып чыкты. Ал эми Армения өзүнүн Тоолуу Карабахтагы куралдуу күчтөрү Азербайжандын басып кирүүсүнөн коргонуу үчүн ок чыгарганын жар салды.

Эки тарап тең бир нече техникаларынан ажыраганын жана аскерлердин жарадар болгонун айтууда.

Көп өтпөй Армения өкмөтү шашылыш жыйын өткөрүп, өлкөгө аскердик абал жарыялаганын билдирди.

Белгилей кетсек, Карабах чыры 1988-жылдын февраль айында башталган. Анда Карабах автономдук облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыгарын жар салган. 1992-1994-жылы куралдуу тирештин жыйынтыгында Азербайжан Карабахты колдон чыгарган. 1992-жылдан бери бул кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы (ОБСЕ) Минск кеңешмесинин алкагында сүйлөшүүлөр жүрүп келет. Анда Азербайжан өз аймагынын бүтүндүүлүгүн көздөсө, Армения сүйлөшүүлөргө аралаша албаган Карабах республикасынын кызыкчылыгын коргойт.

Европа либералдык пикирлештик жана демократиялык тоталитаризм үчүн күрөшүүдө

Кырдаал боюнча Россия ТИМи абалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча эки тарапты тең атышууну токтотууга чакырууда. Ал эми Түркия Тышкы иштер министрлиги Азербайжандын тарапташы экенин моюндайт. Кыргызстан мүчөлүк кылган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму (ЖККУ) абалдын тынчтык жолу менен жөнгө салынышын көздөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0