БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Бишкектеги автоунааларды техникалык жактан тейлөө станцияларынын биринин кызматкери дөңгөлөктүн жарылып кетишинен улам катуу жабыркады.
Окуя болгон учурдагы видео "Короче" Telegram-каналына жүктөлдү. Кадрларда көрүнүп тургандай, жүк жашуучу автоунаанын дөңгөлөгүн оңдоп жатканын көрүүгө болот. Бир маалда ал жарылып кетип, жумушчу кадимкидей ыргып кетет.
Медиктер бул маалыматты тастыкташты. Окуя бүгүн саат 11:00дө айланма жол тараптагы Ак-Жар жаңы конушу жакта болгон. Жабырлануучунун мээси чайкалып, сөөктөрү сынып кеткен. Учурда ал Бишкек илим изилдөө травматология жана ортопедия борборуна жаткырылды.