Баланы китепке кантип кызыктыруу керек. Култаеванын балдар адабияты тууралуу маеги

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүМосковский фестиваль "Книги России" на Красной площади. День второй
Московский фестиваль Книги России на Красной площади. День второй - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү күндө илгеркидей жантыгынан жата калып жомок уккан, китеп окуган бала дээрлик жок. Көбүбүз китеп окуп берүүгө, балага тийиштүү көңүл бурууга убакыт жок деп заманга шылтайбыз.

Телефон, гаджеттерден баш көтөрбөгөн бала үчүн азыркы адабият кандай болуш керек? Канткенде аларды виртуалдык дүйнөдөн азыраак болсо да алыстатып, китеп дүйнөсүнө баш бактыра алабыз? Бул багытта айта берсе толгон-токой суроо бар.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы КРдин эл агартуусунун отличниги, профессор Үмүт Култаева менен балдар адабияты жана анын учурдагы абалы тууралуу маектешти. 

© Фото / предоставлено Умут КултаевойҮмүт Култаева: бөбөктөргө арналган чыгармалар кийинки кезде жанрдык жактан абдан жакшы өнүктү
Баланы китепке кантип кызыктыруу керек. Култаеванын балдар адабияты тууралуу маеги - Sputnik Кыргызстан
Үмүт Култаева: бөбөктөргө арналган чыгармалар кийинки кезде жанрдык жактан абдан жакшы өнүктү

— Азыркы учурда балдар адабияты бар деп айта алабызбы?

— Балдар адабияты бар. Болгондо да жанрдык жактан бай адабиятка ээбиз. Тескерисинче, окурман, балдар адабиятын баалаган киши жок. Бөбөктөргө арналган чыгармалар кийинки кезде жанрдык жактан абдан жакшы өнүктү. Мисалы, бир катар метаграмма, анаграмма, шарада, табышмактуу ырлар, суроолуу ырлар жазылды. "Байчечекей" журналынын бир жылдык тиркемесин алып көрсөңөр, ичинен эмне деген сонун чыгармаларды табууга болот. Бир гана көйгөй — нускасы өтө аз. Эгерде Кыргызстанда миллиондон ашык окуучу болсо, ал болгону он миң тираж менен чыгып элге жетпей жатат. Балдар адабиятын окубай туруп эле аны жок дей бергенге мен каршымын. Эң сонун табылгалар бар. Кийинки кезде чыгып келе жаткан жазмакер жаштарда да балдардын бүгүнкү  аң-сезимине ылайыкталган жакшы чыгармалар кездешет.

— Коомдун өзгөрүшү менен балдарга арналган чыгармалар да өзгөрүшү керекпи?

— Коомдун ыргагына жараша эң сонун өзгөргөн чыгармалар бар. Мисалга, Атантай Акбаровдун бүгүнкү күндүн тили менен жазылган ыры:

Карга деген карга да,
Тазалыкты сезеби?

Нурланбектин бутуна,
Келип түштү тезеги.

Анда бала мурчуюп,
Мындай айтат кыял кеп:

"Чоңойгондо куштарга
Салып берем туалет".

Ит кутурса — көрканачы, эр кутурса — каракчы. Кубанычбек Маликовдун кеп казынасы

Мына, терминдик жактан алып караганда да мыкты чыгарма. Бүгүн бизде чыгармаларды баалаган окурман жок. Турар Кожомбердиевден баштап азыркы учурга чейинки түптөлгөн балдар адабиятынын эң сонун байлыгы турат. Ата-энелер да керектүү чыгармаларды таап, балдарына окутканды билбейт.

— Азыр балдар адабиятына киришип жаткан жазмакерлердин арасынан кимдердин атын атап кетер элеңиз?

— Жазмакерлердин арасынан калпагы көрүнүп калган акындардын катарындагы Атантай Акбаровду баса белгилеп айтар элем. Бирок бул киши өзүн балдар адабиятынын жазмакери катары эсептебейт. Ушул жагына жакшы киришсе болмок. Жакында "Рухэш" сайты өткөргөн коңкурска жиберилген бир нече мыкты чыгарманын автору Кубанычбек Аркабаев болуп чыкты. Бул киши кийинчерээк гана келди. Ал эми Абдыкерим Муратов балдар адабиятындагы чоң адис. Ал кишинин монографиясы, теориясы да бар. Калемгерлерге балдар адабиятынын талабы тууралуу педагогикалык эмгектерди жазып жүрөт. Дегеле балдар адабиятында педагогикалык-дидактикалык, көркөм эстетикалык башаттар айкашуусу керек. Буга чейин бул жаатта кыл чайнашкан талкуулар да болгон. Ошондо кайсы белги балдар адабиятынын негизги өзгөчөлүгүн түзүшү керек дегенде, көпчүлүгү тема (балдарга ылайык темада жазуу — ред.) деп аташкан. Бирок жыйынтыгында балдар адабиятынын тили өзгөчө болушу керектигине токтолгонбуз. Баланын тили менен сүйлөй билгенде гана анын аң-сезимине жетет.

Дегинкиси көркөм адабиятты кабыл алуунун өзүнүн психологиясы бар. Эгерде балдар адабиятынын тили алардын жаш өзгөчөлүгүнө, дүйнө таанымына, кабыл алуу психологиясына туура келбесе, анда ал чыгарма курулай убара болуп калат. Ушул көз караштан карасак, жогорудагы жазуучуларда балдарга тез кабыл алдыруу жөндөмдүүлүгү байкалат. Балдар адабиятынын уучу кур эмес. Токтосун Самудинов бул жаатта өзүнчө мектеп түздү. Алгач "Байчечекейдин" тегерегинде калемин сынап, андан кийин көркөм адабиятка келген балдар бар. "Байчечекейдин" бир нече жылдык тиркемеси — өзүнчө эле лаборатория. Бирок журнал мурда бардык мектептерге жетсе, азыр андай эмес. Экинчи маселе, балдар адабиятын заманбап деңгээлге, азыркы баланын аң-сезимине жеткирүү үчүн дагы көп иш жасашыбыз керек. Мындан улам балдар жазуучулары үчүн лекция, талкуу, тренинг, көргөзмөлөрдү уюштуруу зарылчылыгы келип чыгууда. 

© Фото / предоставлено Умут КултаевойҮмүт Култаева: баланын тили менен сүйлөй билгенде гана анын аң-сезимине жетет
Баланы китепке кантип кызыктыруу керек. Култаеванын балдар адабияты тууралуу маеги - Sputnik Кыргызстан
Үмүт Култаева: баланын тили менен сүйлөй билгенде гана анын аң-сезимине жетет

— Өзүңүз айткандай, азыр балдар эмес чоңдор деле китеп окуудан алыстап калдык. Сураарым, жомок дүйнөсү — баланын инсан катары калыптанышында кандай роль ойнойт?

— Жомок — бул бүгүн табылган жанр эмес. Анын тамыры тереңде. Жомокто элдик дүйнө тааным, элдик психология берилгендиктен, ал сөзсүз түрдө баланын аң-сезимине таасир этет. Ал тургай дүйнөгө атагы чыккан Пушкиндин "күндө кечинде жомок угам, ушуну менен каргыш тийген тарбиямдын кемчилдигин толуктайм" деп айтканы бар. Бардык жагынан шарты түзүлүп, атайын бала багуучу жалданган Пушкин да жомок менен тарбияланганын айтууда. Демек, жомок сөзсүз түрдө баланын калыптанышына оң таасирин тийгизет. Жакында балдар адабияты боюнча өткөргөн сынакта 2-орунду "Мышык менен чычкан" аттуу жомок жеңип алды. Анда чычкандын жолборс болом деп кыялданганы баяндалган. Балада фантазия абдан өнүккөндүктөн бөбөктөрдүн фантазиясына ылайык жазылган чыгарма аны өзүнө тартат. Сюжетте кескин бурулуштар болуп, тез жана динамикалуу өнүгүп турушу керек. Ошондой эле чыгарма кыска болушу абзел. Чыгармада сыйкырдуу, аллегориялуу элементтер камтылса кичинекейлер жыргап угат. "Мышык менен чычкан" жомогунун автору аты коомго таанылбаган эле кыз экен, бирок андан мыкты жазуучу чыгат деген үмүт бар.

Касымбекова: "Сынган кылычты" бир койго сатып алып окугандар болгон

— Коңшу казактарды алсак, балдарга каада-салтын, үрп-адатын таанытууда жакшы эмгектерди жасашууда. Ошондой эле Алпамыш өңдүү баатыр каармандарды, эпосторун таанытууда бир топ анимациялык тасмаларды тартышты. Бизде да "Манас" баштаган эпос, кенже эпосторго сценарий жазып, мультфильмдерди тартса болобу?

— Албетте, болот. Жаштар, журналисттер да ушул жаатта иштебейсиңерби? Буга чейин Жоомарт Бөкөнбаевдин "Чептен эрдин күчү бек" деген чыгармасы боюнча тартылган мультфильм чыгып, жакшы көрүлгөн. Эпостук чыгармаларды ушундай негизде иштеп чыкса болот. "Манастын бала чагы", "Каныкейдин Тайторуну чапканы" деген атайын балдар үчүн чыккан китептер бар. Муну өздөрү окубай эле "жок" деп алакан жайышууда. Казактардын педагогикасы бир топ алдыга кетти, бирок башкалар менен өзүбүздү салыштырып отуруудан эч нерсе чыкпайт. Ар кимибиз өз ордубузда иштей берсек, көптөгөн ийгиликтер жаралат. Балдар адабияты боюнча иштеп жаткандар бар, бирок ал элге жакшы жетпей жаткан өңдүү. 1950-жылдардан бери Турар Кожомбердиев, Абзий Кыдыров, Каныбек Жунушов, Токтосун Самудиновдун балдарга арналган чыгармаларына, ар бир автордун бейнесине карата монографияларды жаздым. Бул тармакта Абзий Кыдыров абдан жакшы иштеди. Ал киши тууралуу "Балдар адабиятынын баба дыйканы" деген макалам бар.

"Кон, кон көпөлөк,
Сени кууп ойноого,
Али боюм жете элек", — деген Кыдыровдун ырынын чыкканына жетимиш жыл болсо да али унутула элек. Автордун "Эки дос", "Коңур" деген ырлары, "Окуганды үйрөнөм", "Алиппе" деген атайын дидактикалык чыгармалары бар. Ушунун баарын окубай жатабыз. Мындай чыгармалар көп. Болгону системалаштырып иштеп чыгуу зарыл.

— Азыркы тапта балдар адабиятында материалдар толук жетиштүү экен, болгону өзүбүз аны таап, балдарга окуп, ачып бербей, системалаштыра албай жаткан турбайбызбы?

— Туптуура, маселе ошондо жатат. Азыр менин кыздарым турмуш куруп калды. Алар кичине кезинде Бишкектин 10-кичи районундагы бала бакчага барышчу эле. Сонун-сонун кыргызча балдар ырларын күндө жаттап келип айтып беришчү. Натыйжада аларды мен кызыктырбастан, алар мени балдар адабиятына алып келишти. Мынакей парадокс. Жогоруда мен санап өткөн авторлордун керемет чыгармаларын мыкты тарбиячылар пайдаланып келишет. Сөз оюндары, табышмактар боюнча укмуш сонун ырлар бар.

Бакашева: балдарга күнүнө 10-15 мүнөт китеп окуп берүү керек

"Билесиңби, сен албетте билесиң,
Кандай атайт жылкынын үй-бүлөсүн?

Билесиңби, сен албетте билесиң,
Эмне дейбиз, мактай берсе ким өзүн?

Билесиңби, албетте сен билесиң,
Кандай сөздү укканыңда күлөсүң?".

Карагылачы, кандай сонун саптар! Ар биринин жообу бар. Мындай ырлар көп. Ушуларды Билим берүү министрлиги, Жазуучулар союзу, тарбиячылар системалаштырып, жаш өзгөчөлүгүнө жараша классификациялап, жакшы жеткире албай жатабыз. Мурда "Кыргызстан пионери", "Жаш ленинчил" өңдүү бир катар балдар басылмалары бар эле. Азыр бир гана "Байчечекей" калды. Мамлекет эми ушуну өз карамагына алып, ар бир мектепке жете тургандай шарт түзүп берсе жакшы болмок. Бул журнал 1976-жылы, биз жаш кезде чыккан. Мектептерге жеткирилип, андан мугалимдер, тарбиячылар алып балдарга жакшы жайылтылчу. 

© Фото / предоставлено Умут КултаевойҮмүт Култаева: жомок — бул бүгүн табылган жанр эмес. Анын тамыры тереңде. Жомокто элдик дүйнө тааным, элдик психология берилгендиктен, ал сөзсүз түрдө баланын аң-сезимине таасир этет
Баланы китепке кантип кызыктыруу керек. Култаеванын балдар адабияты тууралуу маеги - Sputnik Кыргызстан
Үмүт Култаева: жомок — бул бүгүн табылган жанр эмес. Анын тамыры тереңде. Жомокто элдик дүйнө тааным, элдик психология берилгендиктен, ал сөзсүз түрдө баланын аң-сезимине таасир этет

— Бөбөктөргө арналган мурунку жана кийинки мыкты чыгармалардын хрестоматиясын көп нускада чыгарса болчудай. Бирок каржы жагынан маселе жаралат го?

— Болот, китеп чыгарууга өкмөттөн деле каражат бөлүнүптүр. Маданият министрлигине бул боюнча чакырганда барсам, жомок китептерди атайын сунуш менен чоң-чоң том кылып чыгарышыптыр. Муну бала деле көтөрө албайт, ата-энелерге деле ыңгайсыз да. Андан көрө баланын жаш өзгөчөлүгүнө карата бөлүп-бөлүп чыгарса болмок. Бир кездерде майда-майда жакшы чыгармалар жарыкка чыккан. Ошонун баары бар. Болгону издеп таап, окурмандар өздөрү окушса. Биз болсо мындан ары да авторлор менен иштешип, сынак уюштуруп турууну ойлонуп жатабыз. Анткени улуу муун менен азыркы муундун ортосунда кандайдыр бир хаос болуп турат. Жаш жазуучулар мурункулардын деңгээлинен ашкан чыгармаларды жарата албай жатышат. Демек, балдар адабияты боюнча көптөгөн иштерди жасашыбыз керек. Журналисттер да бул темага системалык түрдө кайрылып турса абдан жакшы болот эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0