Апам 4 балам менен жер көчкү алдында калды... Аксылыктардын жүрөк тилген баяны

© Фото / из личного архива Рысалы АжиеваЖалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Райкомол айылынын тургуну Рысалы Ажиев жубайы жана уулдары менен
Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Райкомол айылынын тургуну Рысалы Ажиев жубайы жана уулдары менен - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2009-жыл. 16-апрель. Бул күнү Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Райкомол айылында жүрөк үшүн алган жаратылыш кырсыгы катталган. Бир түндө жер көчүп, 16 адамдын өмүрүн жалмаган. Алардын арасында бир жашка чыга элек ымыркай да бар эле.

Sputnik Кыргызстан агенттиги дал ошол каргашалуу түндү эстеп, окуянын күбөлөрү, кырсыктан жакындарын жоготкондор менен баарлашты.

Жетим калган Дастанды көргөн сайын каргашалуу окуя эске түшөт

Ал түн Аксы районундагы Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Бердалы Мырзагуловдун күнү бүгүнкүдөй эсинде. Айтымында, апааттан бир түндө 16 адам мерт кеткен. Мырзагулов ошол учурда Райкомол айылында жер боюнча адис болуп иштечү.

"Эл тынч уйкуда жаткан. Таң сүрөйүн деп калганда "айылда жер көчкү жүрдү" деген кабар келди. Шашып барсак, кыян жүрүп, топурактан эч нерсе көрүнбөй калыптыр. Кырсык болгон жердеги үйлөр түп орду менен жок. Эмне кылышты билбей нес болуп эле туруп калдык. Андан кийин эки жакка кабар бердик. Ошондо болжол менен таңкы саат 3:30дар болчу. Көчкү алдында үч үй-бүлө калыптыр. Баш-аягыбызды жыйнап казып кирдик. Бирок ӨКМдин куткаруучулары деле тез эле келип калышты", — деди Мырзагулов.

Анын айтымында, малчылар кырсык катталганга чейин жерде жарака бар экенин көрүп, айыл өкмөтүнө эскертишкен. Ал жерди ӨКМ дагы көргөн. Бирок жарака тоонун аркы бетинде болгондуктан, ошол жактагы үч там башка жакка көчүрүлгөн.

"Жер жарака кеткен жерден эмес, башка тарабынан көчтү. ӨКМ жарака ары көздөй кетет деп болжолдогон. Айла жок, табият кырсыгы экен. Сөөктөрдү табуу оңой болгон жок. Аларды издөө иштерине куткаруучулар тартылды, аларга жергиликтүү тургундар да болгон шаймандарын көтөрүп келип тикесинен тик туруп жардам беришти. Айрым жерлерде топурак 10 метрге чейин көтөрүлүп кеткендиктен, жумуш абдан оор болгон. Маркумдардын сөөктөрү үч күн дегенде табылган", — деди Ак-Жол айылынын башчысы.

Бир ирмемде жок болгон 40 киши... Кыргыз ССРиндеги авиакырсыктар

Мырзагулов кырсыктан көз жумгандардын жакындарын көргөн сайын ошол каргашалуу күндү эстеп турарын кошумчалады.

"Тилекке каршы, кырсыктан 16 өмүр соолуду. Алардын арасында бир жашка чыга элек ымыркай да бар эле. Бир үй-бүлөдөн эки бала томолой жетим калса, дагы бир бүлө толугу менен жок болду. Эки баласы томолой жетим калган Алтынбек деген айылдашымды жакшы билчүбүз. Айылда колунан көөрү төгүлгөн уста, сүрөтчү эле. Анын Дастан деген уулу тың чыкты. Кытайда окуп билим алды, азыр да ошол жакта. Айылга келип калса, ошол күнкү кырсык көз алдыбызга тартылып, жүрөк тилинип кетет. Эл кадимкидей коркуп калган. Ага чейин "көчкү жүрөт, көчкүлө" десе камырабагандар көчкүдөн кийин өкмөт айтканды жасап калышкан", — деди Мырзагулов.

Бир түндө төрт баласынан, апасынан айрылган Рысалы Ажиев

"Кудай бизди ажалдан айдаган окшойт" дейт Рысалы Ажиев. Дал ошол күнү ал аялын, кичүү баласын алып кырдагы үйүнө кетишкен. Ал эми айылдагы ата-энесинин үйүндө 80 жаштагы апасы төрт небереси менен калган.

"Эч нерседен кабарыбыз жок кичүү баламды алып, аялым экөөбүз тоодогу үйгө кеткенбиз. Үйдө апам эки кыз, эки уулум менен калган. Түн жарымда айылда жер көчкү жүрүп, үйлөрдү басып калды деген кабар келди. Жамандык ойго келген жок. Барсак үйүбүз түп-орду менен жок, топурак алдында калыптыр... Улуу кызым 11-класста окучу, кичүүсү 5-класста эле. Суук кабарды укканда улам эсимди жоготуп жаттым. Өзүмө келгенде үйдүн тушун көрсөтүп, сөөктөрдү издөөгө жардам бердим. Башында үч кишини табышты. Алардын бири менин уулум эле, экөө болсо кошунанын балдары экен. Айбек деген уулум бетондун алдына кирип кетиптир, кошунабыздын дагы бир баласын топурак сүрүп салыптыр. Анын сөөгүн үйүнөн эмес, сарайдан табышты. Ошентип 16 адамдын сөөгүн үчүнчү күнү толугу менен таап, жерге бердик", — деди Ажиев.

© Фото / из личного архива Рысалы АжиеваРысалы Ажиев үй-бүлөсү менен. Эки кыз, эки уулун жер көчкүдөн жоготкон жубайлар кийин эки балалуу болушкан
Апам 4 балам менен жер көчкү алдында калды... Аксылыктардын жүрөк тилген баяны - Sputnik Кыргызстан
Рысалы Ажиев үй-бүлөсү менен. Эки кыз, эки уулун жер көчкүдөн жоготкон жубайлар кийин эки балалуу болушкан

Төрт баласынан ажыраган жубайлардын жанында калган баласы азыр 8-класста окуйт. Андан кийин жубайлар дагы эки уулдуу болушкан.

"Тагдырга жазганды айла жок көтөрөт экенсиң. Кудай төрт баламды алып, кайра эки уул берди. Алар деле эр жетип келе жатат. Кырсыктан келинчегим экөөбүз тең каттуу сокку алдык. Жубайымды улам-улам дарыгерге көрсөтүп турам. Баса, ошол кырсык болгонго чейин жерде жарака кеткенин айтканбыз. Бирок ӨКМ ал жарака тоонун аркы жагы менен кетерин айтып тынчытып койгон эле", — деди Ажиев.

10 миң сөөк кайра көмүлүп, 25 айыл суу алдында калган. Кыргызстандын электрлешүүсү

Көз жумган окуучулардын сүрөтү мектепте илинип турат

Райкомолдогу каргашалуу кырсыктан көз жумгандарды айыл эли унутпайт. Алардын сүрөттөрү мектепте али күнгө чейин илинип турганын мектеп жетекчиси Бекмамат Ажиев айтып берди.

© Фото / Рысалы Ажиев2009-жылы 16-апрелде окуучулар чоң энеси менен жер көчкү алдында калышкан
Апам 4 балам менен жер көчкү алдында калды... Аксылыктардын жүрөк тилген баяны - Sputnik Кыргызстан
2009-жылы 16-апрелде окуучулар чоң энеси менен жер көчкү алдында калышкан

"Бул кырсык түн ичинде болгон. Кабарды угарыбыз менен ылдый барсак тамдар түптүз, жер менен жер болуп калыптыр. Көчкү алдында калган бир үй-бүлө биздин туугандарыбыз эле. Жеңем неберелери менен топурак алдында калган. Азыр кичүү баласы барып үйдүн тушун тазалап, карап турат. Ал эми алардын сүрөттөрүн мектеп окуучулары унутпасын деп "Элесиңер эсибизде" деген тактага илип койгонбуз", — деди мектеп жетекчиси.

© Фото / Рысалы АжиевТабигый кырсыктын курмандыгы болгон бир туугандар
Апам 4 балам менен жер көчкү алдында калды... Аксылыктардын жүрөк тилген баяны - Sputnik Кыргызстан
Табигый кырсыктын курмандыгы болгон бир туугандар

Ажиев 2009-жылкы кырсыкка чейин да айылда жер көчкү жүрүп, бир үй-бүлөнү басып калганын кошумчалады. Азыр кыштакка эч нерсе коркунуч жаратпайт дейт мектеп жетекчиси. ӨКМ жер көчүшү мүмкүн деген жердеги үйлөрдүн баарын башка коопсуз жерге көчүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0