БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Шейшемби күнү, 22-сентябрда, күндүз өлкөнүн тоолуу райондорунда жамгыр, кар, бийик тоолуу өрөөндөрүндө кар жаашы күтүлөт. Дыйканчылык аймактарда жамгыр жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +19...+24, Талас аймагында +18…+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +23...+28, Ысык-Көлдө +16...+21 жана Нарын жергесинде +14...+19 градус болору болжолдонду.
Бишкекти ала булут каптайт. Ал эми Ошто күн ачык болот. Күндүн табы борборубузда +22...+24, Ошто +25...+27 градуска жетет.