00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Будь в курсе
Подделки и общая борьба: как ЕАЭС противостоит контрафакту
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Бишкек коопсуз, жашоого ыңгайлуу шаар — Башкы планда эмнелер камтылды?
09:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Алиментщиков предлагают устраивать на работу и арестовывать за неуплату: беседа о новом законопроекте
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Быйылкы кыштагы кар жана кундүн табы жазга кандай таасир берет?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Как попасть на фестиваль инноваций ШОС и представить свой стартап
12:05
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Айыл чарбасында санариптештирүү саясаты кандай жүрүүдө — онлайн кызматтар, Агро-портал, IT-инфратүзүм
13:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Украинский конфликт: причины, организаторы и риски для Центральной Азии
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Быйылкы кыштагы кар жана кундүн табы жазга кандай таасир берет?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Алик Акималиев — оор тагдыр, өзгөчө мүнөз жана поэзиядагы жалгыз жол
17:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
18:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Кыргызстан кёрлинг боюнча Борбор Азияда алдыңкы орунда
19:06
36 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Тесты, мастер-классы и работодатели: зачем идти в КРСУ в эту субботу
20:07
24 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
20:31
26 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Быйылкы кыштагы кар жана кундүн табы жазга кандай таасир берет?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Башкыртстан чек арада калган кыргыз мигранттарына кантип жардам берүүдө. Репортаж

© Фото / Администрация Куюргазинского района Республики Башкортостан (РФ)Башкыртстандын Куюргазинский районунда калган кыргыз мигранттары
Башкыртстандын Куюргазинский районунда калган кыргыз мигранттары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын Россиядагы элчилиги жарандарды алып өтүү үчүн Казакстандан “жашыл коридор” ачып берүүсүн өтүнүп, жооп күтүп жатканда, Башкыртстандын Куюргазинский районунун жетекчилиги кыргызстандыктарга жардам берүүдө.

Кыргызстандыктар Оренбург облусу аркылуу өз мекенине чыгып кетүү үчүн колонна автобустар менен Москва, Санкт-Петербург, Челябинск шаарларынан келип турушкан. Атургай бул жерде чатыр тигилип, лагерге айланган учурлар болгон. Бирок бул ирет кыргыз жарандарын шарттуу чек арадан өткөрбөй коюшту. Sputnik агенттигине КРдин Россиядагы элчилигинен билдиришкендей, ал жерде мекенине кетүүнү каалаган 1,5 миңдей киши чогулуп калды.

© Фото / Администрация Куюргазинского района Республики Башкортостан (РФ)Кыргызстандын Россиядагы элчилиги жарандарды алып өтүү үчүн Казакстандан “жашыл коридор” ачып берүүсүн өтүнүп, жооп күтүп жатат
Башкыртстан чек арада калган кыргыз мигранттарына кантип жардам берүүдө. Репортаж - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын Россиядагы элчилиги жарандарды алып өтүү үчүн Казакстандан “жашыл коридор” ачып берүүсүн өтүнүп, жооп күтүп жатат

Андыктан мигранттарды ташып келе жаткан транспорт артка кайрылып, убактылуу токтоп туруу үчүн Башкыртстандын Куюргазинский районуна барышкан. Бул жакта кыргыз жарандарын салган автобустар топтолуп калганын район башчылары капысынан билип калган.

Кырдаал кандай

Райондук администрациянын маалымат-аналитикалык иштер боюнча бөлүм башчысы Егор Матвеев Sputnik агенттигине кабарлаганына караганда, район Оренбург облусу менен чектешкен.

"Оренбург облусу аркылуу өтө албаганын билген айдоочулар 16-сентябрь күнү биздин райондогу "Юлсы" мейманканасынын унаа токтотуучу жайына токтошкон экен. Мигранттарды салган 16 автобус турганын билгенде биз жардам көрсөтүү чечимин кабыл алдык”, — деди Матвеев.
© Фото / Администрация Куюргазинского района Республики Башкортостан (РФ)Башкыртстандын Куюргазинский районунун жетекчилиги кыргызстандыктарга жардам берүүдө
Башкыртстан чек арада калган кыргыз мигранттарына кантип жардам берүүдө. Репортаж - Sputnik Кыргызстан
Башкыртстандын Куюргазинский районунун жетекчилиги кыргызстандыктарга жардам берүүдө

Анын айтымында, унаа токтотуу жайына автобустар дароо эмес, бир нече күндүн ичинде келип топтолушкан.

“Биз билгенден айрым мигранттар автобустарда бир нече күн жашап коюуга жетишиптир. Арасында кош бойлуу келиндер, балдар дагы бар экен. Ошол замат биз аларды жакын жердеги шаарлардагы мейманканаларга жайгаштырдык”, — деди жетекчи.

Кыргыз өкмөтү COVID кесепетинен канча карыз алып, кайда жумшап жатат. Саресеп

© Фото / Администрация Куюргазинского района Республики Башкортостан (РФ)Күн сууктап келе жаткандыктан, шарты анчалык жакшы эмес имараттарга жана чатырларга жайгаштырылган жарандарга ыңгайсыздыктар жаралышы мүмкүн
Башкыртстан чек арада калган кыргыз мигранттарына кантип жардам берүүдө. Репортаж - Sputnik Кыргызстан
Күн сууктап келе жаткандыктан, шарты анчалык жакшы эмес имараттарга жана чатырларга жайгаштырылган жарандарга ыңгайсыздыктар жаралышы мүмкүн

Бейшемби күнү кечинде Куюргазинский районунда 1 346 кыргыз жараны чогулган. Бирок автобустар дагы деле келип жатат. Азырынча райондук администрация мигранттарды кабыл алууга даяр экенин билдирүүдө.

Жергиликтүү бийлик аларды күнүнө үч ирет ысык тамак жана суу менен камсыз кылууда. Бирок күн сууктап келе жаткандыктан, шарты анчалык жакшы эмес имараттарга жана чатырларга жайгаштырылган жарандарга ыңгайсыздыктар жаралышы мүмкүн.

© Фото / Администрация Куюргазинского района Республики Башкортостан (РФ)Жергиликтүү бийлик мигранттарды күнүнө үч ирет ысык тамак жана суу менен камсыз кылууда
Башкыртстан чек арада калган кыргыз мигранттарына кантип жардам берүүдө. Репортаж - Sputnik Кыргызстан
Жергиликтүү бийлик мигранттарды күнүнө үч ирет ысык тамак жана суу менен камсыз кылууда

Андыктан район жетекчилиги Кыргызстандын элчилиги Казакстан менен “жашыл коридор” боюнча келишимин оң жагына чечип алат деп үмүт артууда.

Коридор жакында ачылат

Россиядагы Кыргызстандын элчилигинин вице-консулу Алмаш Алтымышеванын айтымында, коридор ачуу боюнча саясий чечим кабыл алынып, учурда техникалык маселелер каралып жатат.
Элчиликтен эпидемиологиялык абал кайрадан начарлап бара жатканын айтып, казак тарап тез арада чечим кабыл аларына ишенип жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0