Арсен Өмүралиевди атасындай көргөн шакирттер. Таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.

Флейта ойноп турган мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри, режиссёр Алтынбек Максутов, жанындагы театрдын костюмери, комуз кармап отурган ырчы Элмира Кайып кызы менен актриса Айида Өмүрбекова, артта турган белгилүү театр жана кино актёр Арсен Өмүралиевдин сүрөтү 1990-жылдардын ортосунда тартылган.

Ал жылдары Арсен Өмүралиев Бишкек шаарындагы Жаштар театрын жетектеп, бир топ шакирттерди өстүргөн.

Кара жумушта жүрүп киного аралашкан Үсөн Кудайбергенов. Таберик сүрөт

Ошол кезеңди мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов мындайча эскерет:

"Сүрөт тартылган маалда президенттик балатыны өткөргөнү даярданып жатканбыз. Анда мен үйлөмө аспаптарда ойноп, спектаклда да ойночумун. Москвадан окуп келгенден кийин жаштар театрында жалпы 20 жыл иштедим. Биздин жетекчибиз Арсен Өмүралиев агай болуп, ал инсандан көп таалим-тарбия алдык. Азыр республикалык деңгээлде таанылып калган бир топ театр ишмерлерди, артисттерди тарбиялады. Устатыбыздын демилгеси менен көз карандысыздыктын алгачкы жылдарында Францияга чейин гастролдоп барып, келишим менен иштеп жүрдүк. Кыргызстанда биринчилерден болуп эксперименталдуу театрды түзгөн. Анын ошол ыкмасын өлкөдөгү көпчүлүк театрлар азыр колдонуп жатат. Мыкты уюштуруучу, психолог эле. Мени ээрчитип алып ар кандай адамдар менен мамиле курууну, жада калса телефон менен сүйлөшүү маданиятын да үйрөттү. Мындайча айтканда, атабыздай эле болуп калган, ал кишинин колунда 10 жыл тарбияланып, көп нерсе алдым", — деди Максүтов.

Ал ошондой эле сүрөттөгү белгилүү ырчы Элмира Кайып кызы дагы сахнада ырдап, ошол эле маалда театрда спектаклдерде ар түрдүү ролдорду аткарып жүргөнүн кошумчалады.

Бурят кызга үйлөнүп... Арсен эмес, Асанбек Өмүралиев тууралуу 6 факты

Ал эми Айида Өмүрбекова учурда Италиянын театрларында иштеп, 2005-жылдан бери ошол жакта жашайт.

Актёр Арсен Өмүралиев чыгармачылык жолун Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында баштаган. 1993-жылы театр сынчысы Цыцыгма Умуралиева менен чогуу Бишкек шаардык драма театрын негиздеген. Өнөрпоздун жетекчилиги алдында бир нече көрүнүктүү спектаклдер коюлуп, артисттер дембе-дем гастролго чыгып турган. Ал ошондой эле драмалык, фольклордук "Саамал" жана джаз-инструменталдык "Аура" ансамблин башкарган. Каза тапкандан кийин анын ысымы ошол театрга ыйгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0