00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Особый акцент
On air
14:06
60 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
7 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:08
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кытайга болгон карыз кантип өстү? Кыргызстан аны жеңилдетүүнү суранууда

Жазылуу
Өлкө 5 миллион долларга чукул биринчи насыяны Кытайдын "Эксимбанкынан" 1992-жылы алган. Ал акырындап төлөнүп отуруп, 2000-жылы Кыргызстан Кытайдан толук кутулган.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Акыркы 12 жыл ичинде Кыргызстандын Кытайга берчү мамлекеттик карызы болжол менен 200 эсе өстү. Мындай жыйынтыкка Финансы министрлиги жарыялаган маалыматтан улам келсе болот.

Эске салсак, 13-сентябрда Кыргызстанга Кытайдын тышкы иштер министри Ван И келген.

Сүйлөшүү учурунда КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков кесиптешинен коронавирустук инфекциянын терс таасири макроэкономикага тийип жаткандыктан өлкө бюджетиндеги тышкы карыздын жүгүн жеңилдетүүгө жардамдашууну өтүнгөн. Андан соң президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Кытайга болгон карызынын төлөмүн жеңилдетүү жана узартуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну сунуштаган.

Өлкө 5 миллион долларга чукул биринчи насыяны Кытайдын "Эксимбанкынан" 1992-жылы алган. Ал акырындап төлөнүп отуруп, 2000-жылы Кыргызстан Кытайдан толук кутулган. Бирок 2001-жылы өлкө кайра акча алууга мажбур болгон.

Коңшу мамлекетке карыздын өлчөмү 2009-жылдан баштап дароо өсүп кеткен. Анда бул сумма 47 миллион доллар болчу. Ага чейин бир жыл мурда 9 миллиондон бир аз ашыгыраак эле. 2010-жылы карыз 150 миллион долларга жетип, андан ары көбөйө баштаган.

Быйыл мамлекеттик карызды тейлөөгө 18 млрд. сомдон ашык акча жумшалды

Ошентип 2008-жылдан баштап (9 миллион 140 миң) ушул жылдын июнь айына чейин карыздын өлчөмү 194, 2 эсеге, башкача айтканда, 1 миллиард 775 миллион 130 миң долларга көбөйгөн.

Июль айында өкмөт 2020-жылдагы карызды тейлөө боюнча төлөмдөрдү кийинки үч-төрт жылга калтыруу жөнүндө бардык кредиторлор менен эки тараптуу макулдашуу болгонун кабарлаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0