Экинчи толкунга даярдыкпы? Бийлик дарынын 65 түрүн камдай баштады

© Sputnik / Табылды КадырбековПередача лекарств приобретенные на деньги, собранные на благотворительном концерте
Передача лекарств приобретенные на деньги, собранные на благотворительном концерте  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы дарыканаларда дары-дармек жетиштүү деп ишендирип, бүгүн дагы бир партиясы келерин айтты.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Мамлекеттик материалдык резервдер фонду дары-дармектин 65 түрүнүн запасын камдай баштады. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымына караганда, учурда дарынын 27 түрүн сатып алуу үчүн 85 миллион сом каралды.

Өкмөт башчы Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен COVID-19га каршы препараттардын тизмеси жаңыртылганын белгиледи.

"Дарыканаларда дары жетиштүү. Кийинкилери бүгүн, 15-сентябрда, алып келинет", — деди Боронов.

Боронов жаңы ооруканалардын курулушунан шек санап, өзү көзөмөлдөмөй болду

Кыргызстандын аймагында 44 999 адам коронавирус жуктуруп алса, анын 41 103ү сакайып, 1 063ү көз жумду.

Өлкө аймагында эпидемиологиялык абал август айынан тарта жакшырды. Анткен менен бийлик өкүлдөрү коронавирустун экинчи толкуну башталышы мүмкүн экенин айтууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0