Онлайн окутуу билим алууга доо кетирип жатат. Мугалимдин маеги

© AP Photo / Dolores OchoaДистанциондук сабак өтүп жаткан окуучу. Архив
Дистанциондук сабак өтүп жаткан окуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пандемияга байланыштуу республикада билим берүү жайлары аралыктан иштеп, 1-класстын балдарынан башка окуучулар менен студенттер онлайн окууга дуушар болду.

Ушу тапта мектепке 1-класстын окуучулары гана барып жатышат. Бир класста 20дан ашык окуучу болсо эки тайпага бөлүнүп, эки башка убакытта 20 мүнөттөн билим алышууда. Ал эми калган окуучулар үйдө болуп, аралыктан окуп жатышат. Онлайн окуу менен офлайн билим алуунун сапатында айырма жаралып жаткандыгын ата-энелер менен биргеликте мугалимдер да айтышууда.

Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкектеги орто мектептердин биринде кыргыз тили мугалими болуп иштеген педагог кайрылып, онлайн окутуунун тийгизген таасири менен бөлүштү. Ал белгилүү себептерден улам аты-жөнүн айтуудан баш тартты.

— Онлайн сабак өтүүгө көнүп калдыңыздарбы?

— Аралыктан окутууда убакыт өтө тар болгондуктан аны баалап, ар бир минутаны туура пайдалануу негизги максат болуп калат экен. Тескерисинче, онлайн сабак өтүү көптөгөн кыйынчылыктарды алып келип, мугалимдерге мурдагыдан да эки эсе түйшүк жаратууда. Ал эми пайдалуу жагы жокко эсе экен. Каржылык жактан да бизге кыйын болууда.

— Маянаңыздар техникалык жабдыктарга эле кетип калган жокпу?

— Менин айлыгым болжол менен 8000 сом. Азыр байланыш каражатына, уюлдук телефонго, интернетке жума сайын бирдик жүктөөгө бир топ чыгым болуп жатам. Кеңсе каражатынын баарын өзүбүздүн жаныбыздан алуудабыз. Анын басымдуу бөлүгү отчётторго корогон ак кагаздар, калемдер. Бул каражаттар мугалимдин жумушунда көп колдонулгандыгына байланыштуу арбын алууга туура келет. Ошондой эле компьютер, ноутбук сыяктуу техникаларга да карапайым мугалимдин акчасы жетпейт. Бизде деле бала-бакыра бар, тапканыбыздын баарын сабак өтүүгө жумшап салууга да болбойт.

— Кесиптештериңиздин аралыктан окутууга мамилеси кандай?

— Баарыбыз эле кадимки режимде иштесек экен деп күтүп жатабыз. Мугалимдер баары бир мектепке келип, эртеден-кечке кадимкидей эле иштеп жатышат. Кагаз түрүндөгү отчёттор аз келгенсип, электрондук варианттагы отчёттор да башты катырууда. Көп мугалимдин үйүндө компьютер жок. Айтор, кыйналып кеттик.

Интернеттин тилин билбей... Жашы өткөн мугалимдер онлайн сабак өтүүдө кантти

— Ошондо кагаз иши эки эсеге көбөйгөн экен да?

— Ооба. Ар бир жуманын аягында бере турган отчёт ичине көп нерсени камтыйт. Сабакка онлайн чыкпаган баланы эмне себептен чыккан жок деп териштирип, ошого чейин жазат экенбиз.

— Бирок коронавирус балдарга жугуп калса андан да кыйын болуп жатпайбы?

— Негизи ал жагын да ойлонушубуз керек. Бирок азыркы тапта билим берүү мекемелеринде гана онлайн, карантин болуп жатат. Ал эми эс алуучу, тамактануучу жайларда, соода түйүндөрү өңдүү коомдук жерлерде андай эрежелер сакталбай эле мурдагы калыбында иштөөдө.

Ушундан улам оору жуктуруп алуу коркунучу жалгыз эле билим берүү мекемелеринде барбы деген суроо туулат. Мен жакында "Жунхай" базарынын канцелярдык каражат саткан бир дүкөнүнө кирип таң калдым. Эл көп, баары эле бет капсыз жайбаракат жүрүшөт. Анан калса ар бири мектеп жашындагы балдарын жанына ээрчитип алыптыр. Андай жерге окуучуга барганга болот да, мектепке болбойбу? Иши кылса түшүнүксүз.

— Балдардын сабакка көңүл буруусу, кабыл алуусу айырмаланса керек?

— Өтө начар, көбү катышпай коюшат же ар кандай шылтоону айтышат. Мисалы, бирдиги жок интернетке кире албай калганын, ата-энесинин телефонун колдонуп жүргөнүн же алар жумушка кетип сабакка катышпаганын, болбосо таптакыр эле байланыш каражаты жок экендигин айтып шылтоолошот. Ошондой эле колунда жок эне-аталарга чынында эле баланы камсыздоо кыйынга турууда. Муну да түшүнүп турабыз. Мурда окууда жетишпей жүргөн, билими начарыраак окуучулар аралыктан сабакка таптакыр эле катышпай коюшат. Жазуу түрүндөгү тапшырмаларды байке-эжелерине жаздырышат. Ушул сыяктуу "кызыктуу" нюанстар көп болот экен. Эгер онлайн окуу мындан ары улана турган болсо, окуучулардын билим сапаты төмөндөп кетиши айтпаса да белгилүү иш.

ЖРТдан эң көп балл алган Акмарал: "Алтын тамгага" жетпей калып катуу намыстангам

— Билим берүү системасы учурда кайсы жагынан аксап жатат деп ойлойсуз? Мугалим катары пикириңизди билгим келип турат...

— Азыркы күндө өтө олуттуу маселе — бул мугалимдин кадыр-баркы. Бул мен үчүн эң негизги көйгөй болуп саналат. Анткени заман алдыга жылган сайын адамдар да өзгөрүп, биз, тескерисинче, көп нерсени этибар албагандай сезилебиз. Класстагы окуучулардын дээрлик 90 пайызынын ата-энеси мугалимди таптакыр сыйлабаганын байкайм. Эмгекти баалашпайт. Албетте, ошол ата-энени көргөн бала да мугалимди барктабайт. Натыйжада окуучу тоготпогондой түр көрсөтөт. Ал биринчи баланын тарбиясына, экинчиден мугалимдин айтканын элес албаган окуучунун билим алуу жөндөмүнө таасирин тийгизет. Ата-энелерди чогулушка чакырсаң эң көп дегенде 30 пайызы келет. Эгерде окуучунун дарегине жагымсыз бир эскертүү айтсаң, анда жарым сааттын ичинде ата-энеси келип сени менен жаакташканга даяр.

— Бирок азыр заман талабына жараша ата-энелер да жумуштан бошобосо керек...

— Ооба, мен аны түшүнөм. Бирок баланын келечеги баарынан биринчи турат деп айтабыз го. Мен көп эле наалый бергим келбейт, бирок айтууга мажбурмун. Азыр классикалык тарбияда өскөн балдар жокко эсе. Биз бала кезибизде мектепте жүргөндө бир кыйкым кетиргенден коркчубуз, мугалимдер менен ата-эненин сөзү бир эле. Ушу тапта андай жок. Ата- энебиздин тарбиясынын натыйжасында мугалимди абдан сыйлап, ыйбаа кылып турчу элек. Эми мугалимге мамиле башкача болгондуктан, бара-бара алар да өзүнүн ишине кайдыгер мамиле жасап баратышат. Мугалимдин кайдыгерлигиндей коркунучтуу нерсе жок. Ажо да, акын да, доктур да, баары мугалимден билим алышат. Биз бүгүн интеллигенцияны билимсиз деп сындап жатабыз. Коомго так ушул жерден доо кетип жатпайбы. Бул маселени чечпесек билим берүүдө эч жылыш болбойт. Анан да кошумчалай кетсем, кагаз иштери өтө эле көп. Мугалим алтындай убактысын кагаз толтурууга эмес, балдарга билим берүүгө, эффективдүү сабак өтүүгө жумшашы зарыл деп ойлойм.

Жаңылыктар түрмөгү
0