БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Базар-Коргон районунун милициясы жана жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы ата-энеси автокырсыктан каза болгон жети бир тууганга материалдык колдоо көрсөттү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Мындай жардам милиция тарабынан кылмыштуулуктун жана жоруктардын алдын алуу максатында уюшулган "Укук, тартип" аталышындагы эки күндүк профилактикалык иш-чара учурунда берилген.
Кайыр сураган балдарды көрсөңөр чалгыла! Мэрия телефондорду жарыялады
"Иш-чаранын алкагында паспорттук эреже боюнча 167 кожолуктан турган 835 жаран текшерилген. Рейд учурунда ар түрдүү укук, тартип бузуулар аныкталып, 63 адамга административдик протокол түзүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Милиция Арстанбап айыл аймагында жашаган бир туугандарга онлайн-окуу үчүн керектелүүчү сыналгы, чөнтөк телефон, азык-түлүк алып беришкен.
Базар-Коргон жана Сузак райондорунун милициясынын аймактык тескөөчүлөрү профилактикалык каттоодо турган адамдарды текшерип, жол кырсыктарын алдын алуу боюнча тийиштүү жумуштарды жүргүзгөн.
Ошондой эле район аймагында жашаган жарым жетим, тоголок жетим жана аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү өспүрүмдөргө окуу куралдары жардам иретинде берилген.