ЕАЭБдин ички рыногуна пандемиянын кандай пайдасы тийди. Статистика

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүСахар
Сахар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өнөктөш өлкөлөр ортосунда бир гана тамак-аш эмес, товарлардын башка түрлөрү дагы көп сатылганын байкоого болот.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Пандемия учурунда Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн ичинде айыл чарба продукцияларын сатуунун көлөмү көбөйдү. Бул тууралуу ЕАЭБдин маалымат кызматынан билдиришти.

"Биринчи жарым жылдыкта азык-түлүк соодасынын көлөмү 2,5 пайызга (4,1 миллиард доллар), тамак катары пайдаланылбаган айыл чарба продукцияларынын сатылышы 13 пайызга (0,32 миллиард доллар) жогорулады", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле соя (8,4 эсеге), кант (26,2 пайызга), сыр жана быштак (10,2 пайызга) сатуунун көлөмү жогорулады.

Жыл башынан бери 18 өлкө кыргыз балынын даамын таткан. Тизме

Өнөктөш өлкөлөр ортосунда бир гана тамак-аш эмес, товарлардын башка түрлөрү дагы көп сатылганын байкоого болот. Мисалы, кагаз буюмдар 4,5 пайызга, айнек, керамика жана таштан жасалган буюмдар 1,7 пайызга көбүрөөк кардар тапты.

Эң жакшы өткөн товарлардын арасында кант, эт, өсүмдүк майы жана буудай бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0