Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖамгыр. Архив
Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
27-августта республикада күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым райондордо жаан-чачын катуу жаашы ыктымал.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Бейшемби күнү, 27-августта, күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +19...+24, Талас аймагында +17...+22, , Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +21...+26, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +16...+21 градус болору айтылды.

Борбор калаада жана Ошто мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Күндүн табы Бишкекте +19...+21, Ошто +23...+25, ал эми Чолпон-Атада +16...+18 градус болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0