00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
44 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:13
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Өлкөдө педагог-музыканттар жетишпейт. Кадрлар кантип даярдалууда?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
18 мин
Жума жыйынтыгы
Аапта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:18
49 мин
Между строк
Почему книги важнее экранизаций: мнение Посла Кыргызстана во Франции
18:07
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жайдын акыркы жумасы жаанчыл болобу? Бир аптага карата аба ырайы

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКонкурс "Лучший водитель такси в России – 2020" в Новосибирской области
Конкурс Лучший водитель такси в России – 2020 в Новосибирской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Синоптиктердин берген маалыматы боюнча, апта башында күн ысыса, орто ченинде мезгил-мезгили менен жамгыр жаап турат.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу туурасында маалымат берди.

Ага ылайык, Бишкек шаарында дүйшөмбү жана шейшембиде күн ачык болот. Ал эми шаршемби күнү эртең менен, бейшембиде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жетиши мүмкүн.

Чүй жана Талас облустары

24-25-августта түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Бирок дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын болбойт.

26-27-августта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, бийик тоолуу жерлерге кар жаайт. Кээ бир райондордо жамгыр нөшөрлөп жаай турганы айтылды.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

Дүйшөмбү жана шейшембиде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Шейшембиде күндүзү Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында өткүн өтсө, дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда күн ачык болот. Шаршемби жана бейшемби күндөрү Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош менен Баткендин кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жамгыр, тоолорго кар жаайт. Синоптиктер бейшембиде Жалал-Абаддын кээ бир айылдарында жамгыр нөшөргө айланарын эскертет. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Суук түшпөйбү? Күздүн биринчи айы сентябрга карата аба ырайы

Ысык-Көл облусу

Дүйшөмбүдөн шаршембиге чейин кээ бир райондордо өткүн өтүп, бейшембиде жаан катуу жаай турганы айтылды. Бийик тоолорго кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 24-августта күндүз жана 25-27-августта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Каракол менен Чолпон-Ата шаарларында 24-25-августта абанын температурасы жылуу бойдон сакталып, жаан-чачын күтүлбөйт. Бирок 26-27-августта күндүн көзү бузулуп, мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт.

Нарын облусу

24-25-августта асманды ала булут каптабай, күн чайыттай ачык бойдон турат.

26-27-августта көпчүлүк аймактарда жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

Апта аягы жума күнү Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, тоолорго кар жаашы ыктымал.

Сууга түшөрдө баланын жанынан карыш жылбаңыз! ӨКМдин ата-энелерге эскертүүсү

Ал эми ишембиде абанын температурасы бир аз жогорулап, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын тоолуу аймактарында өткүн өтүп, бийик тоолорго кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас менен Баткенде күндүн көзү бузулбайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0