Бейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
20-августта түнкүсүн өлкөнүн тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, ал эми дыйканчылык аймактарында күн ачык болот.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Бейшемби күнү, 20-августта, күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +25...+30, Талас аймагында +23...+28, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +26...+31, Ысык-Көлдө +18...+23 жана Нарын жергесинде +17...+22 градусту түзөт.

Бишкек жана Ош калаасында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү борборубузда +28...+30, Ошто +29...+31, ал эми Чолпон-Атада +20...+22 градуска көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0