Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүКиши жаан учурунда. Архив
Киши жаан учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
19-августта түнкүсүн республиканын айрым райондорундо жамгыр жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Шаршемби күнү, 19-августта, күндүз өлкөнүн тоолуу райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +23...+28, Талас аймагында +21...+26, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +25...+30, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +15...+20 градус болору болжолдонду.

Күндүн табы Бишкекте +26...+28, Ошто +28...+30 болсо, Чолпон-Атада бул көрсөткүч +16...+18 градусту түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0