Мекенге жетпей... Россия чек арасындагы лагерде 500дөй кыргызстандык турат

© Фото / Аппарат губернатора и правительства Оренбургской области РФРоссиянын Оренбург облусуна караштуу Бузулук районунда чатыр лагерь
Россиянын Оренбург облусуна караштуу Бузулук районунда чатыр лагерь - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия менен Казакстандын чек арасына мигранттар эмне себептен топтолгонун, транзиттик коридор качан ачыларын Sputnik агенттиги билип көрдү.

Кыргызстандын 500дөн ашуун жараны Оренбург облусуна караштуу Бузулук районунда өздөрү курган лагерге жайгашып турат. Бул туурасында Sputnik агенттигинин кабарчысына аймактын губернаторунун аппаратынан кабарлашты.

Бул март айынан бери Казакстандын жабык турган чек арасына жакын чатыр лагерин курган кыргызстандык мигранттардын бешинчи тобу. Тыюу салууларга карабастан эмнеге адамдар чек ара тарапка карай агылууда? Кайсы убакта транзиттик коридор түзүлүшү мүмкүн? Бул туурасында Sputnik агенттигинин кабарчысы тактап көрдү.

Адамдар төшөнчүсүн көтөрүп, чатырын жүктөнө келишүүдө

"Ушул тапта Кыргызстандын 502 жараны мекенге жөнөтүүнү күтүүдө, арасында 12 кош бойлуу жана 22 наристе бар. Мигранттардын талаадагы тиричилигин салкындай түшкөн аба ырайы, түнкү суук ансайын оорлоштурууда", — деп билдирди Оренбуржье өкмөтүнүн (Оренбург облусунун) маалымат кызматы.

Казак чек арасындагы чатак: мигранттар алдамчылардын торуна кантип түштү

Кыргызстандыктар жайгашкан жерде мурда убактылуу чатыр лагери турган. Ал Оренбург облусунун өкмөтү, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана башка мамлекеттик структуралардын күчү менен орнотулган. Эки миңден ашуун мигрант мекенине жеткирилгенден кийин ал чатырлар августтун башында чечилген.

5-августта Бузулук районундагы чатыр шаарчасынан акыркы топ мекенге жеткирилген. Бирок эки күн өтпөй, 7-августта, кайра бул жерге жаңы топ келгенин билдирет Оренбуржье кыргыз диаспорасынын лидери Таалайбек Жандар уулу.

Кайрадан боор көтөрүп... РФтеги мигранттардын абалы жакшырдыбы

"Москвадагы мекендештер бизге "Бузулукка чейин билет алгыла, ал жактан баарыңарды үйүңөргө жөнөтүшөт" деп айтышты, —  деп моюнга алат мигранттардын бири. — Бирок чек арадан өткөрбөй турушат. Үч суткадан бери талаада жашап жатабыз. Чатыр койдук, тамакты отко бышырып жатабыз. Эч кандай шарт жок, түнкүсүн аябай суук. Биздей эле төрт автобус бечараны чек арадан өткөрүшкөнүн уккам. Жергиликтүү бийликке рахмат, колунан келген жардамын беришүүдө".

Таалайбек Жандар уулунун айтымында, адамдар талаага өз төшөнчүсүн, чатырларын жүктөнүп келип жатышат. Азыр мигранттар куруп алган лагерде андай чатырлардын саны 180ге жетти.

"Чек арага адамдар апталап, балким бир ай күтөрүн болжоп, ошого жараша камынып келишүүдө. Бул адамдарды да түшүнүүгө болот, иши жок, баш калкалар жайы жок. Мындай кадамга алар аргасыз барышууда", — деп кейийт диаспора башчысы.

Лагерде мигранттардын саны күн сайын өсүүдө

Чек арага жакын жайгашкан мигранттардын саны күн сайын көбөйүп барат. 13-августта эле лагерде 200 киши жашап жаткан. Sputnik агенттигинин кабарчысы Таалайбек Жандар уулу менен байланышкан убакта алардын саны 620га жеткени айтылды.

Бузулуктагы талаага адамдар поезд, каттамдагы автобустар, кай бири такси кармап же менчик автолору менен агылып жатышат. Лагерде учурда 19 авто токтоп турат.

ИИМ: жарандарды Россиядан КРге жөнөтүү үчүн каражат сурагандар аныкталууда

Райондун бийлиги кыргызстандыктарга куру дегенде минималдык санитардык шарттарды түзүп берүүгө аракет кылууда. Мигранттар үчүн даараткана, таштанды челектери коюлган. Лагерге күндө таза суу жана нан алып келишет, ал эми коопсуздукка полиция жана Росгвардиянын кызматкерлери көз салууда.

Лагерге келген жарандарга жумушка орношуу сунушталып жатканын белгилейт диаспоранын жетекчиси. Элчиликтин жана миграция боюнча бөлүмдүн өкүлдөрү жаңы жарыяланган иш жарнамаларынан мекендештерге WhatsApp аркылуу улам маалымдап турушат. Бирок көпчүлүгү ишке орношуудан баш тартышууда.

"Лагерде мекенге кайтууга аргасыз адамдар чогулууда. Кай биринин Кыргызстанда жакындары өтүп кетти, айрымдарынын саламаттыгы начар. Иш сунуштоо менен да лагерден жарандарды чыгарып кете албай турабыз. Кандай жол менен болсо да мекенге кетүүгө ниеттенип алышкан", — деп түшүндүрдү Таалайбек Жандар уулу.

Жашыл коридор августтун аягында ачылабы?

Кыргызстандын жарандары бул талаа лагеринде дагы канча жатары азырынча белгисиз. Бул көйгөй өлкөлөрдүн өкмөттөрү канчалык тез макулдаша аларына жараша чечилет.

"Мында бир гана дипломатиялык жол бар, адамдар ушундай туңгуюк абалга тушугуп турат. Мигранттарды жабык чек арадан чыгарып кетүү — эки мамлекеттин, Кыргызстан менен Казакстандын деңгээлинде гана чечиле турган маселе, — деп белгиледи вице-губернатор, Оренбург облусунун өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Дмитрий Кулагин. — Биз бул мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана Россия Федерациясынын тиешелүү бийлик органдарына көйгөй туурасында маалымдадык. Тез арада чечилерине ишенебиз".

"Билишимче, мигранттарды жабык чек арадан өткөрүп кетүү маселеси чечилерине аз калды, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Августтун аягында казак тараптын макулдугун алып, кезектеги коридор ачылып, жарандарды жөнөтөбүз деп турабыз. Балким андан эртерээк да болуп калышы мүмкүн", — деди Таалайбек Жандар уулу.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен да Sputnik кабарчысына "Оренбург боюнча маселе чечилип, Казакстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын" тастыкташты.

"Транзиттик коридорду ачуу мөөнөтү боюнча эч нерсе белгисиз. Баары казак тарапка жараша. Алар макулдугун берсе, жарандарды чыгарып кетүү башталат", — деп кошумчалашты кыргыз дипломатиялык өкүлчүлүгүнөн.

РФте миграциялык каттоого 15-сентябрга чейин баш оорутмай жок. Маанилүү кабар

Ал эми Россиядагы Казакстан элчилигиндегилер Кыргызстан жарандарынын казак-россия чек арасынан өтүү алгоритми иштелип чыкканын кабарлашты.

"Казакстан Кыргызстандын элчилигинен тиешелүү нота алып, автобустар жөнөтүлгөндөн кийин токтоосуз “жашыл коридор” ачып берүүгө даяр. Боордош калкка биз тараптан эч кандай тоскоолдук жок. Шашылыш жыйынтык чыгаруудан карманууну өтүнөбүз", — дешти өкүлчүлүктөн.

Кыргыз Республикасынын РФтеги элчилигинин алдындагы Коронавирустук инфекциянын таралашына каршы күрөшүү боюнча штабдын маалыматына караганда, мамлекеттик чек аралар жабылган убактан бери Оренбург жана Самара облустарынан республикага 4 974 жаран алып келинген. Алар 95 автобус менен Казакстандын аймагы аркылуу 7-майда, 23-майда, 5-июль жана 5-августта жеткирилген. Пандемиядан улам Кыргызстанга Россиядан баш-аягы 24 944 жаран кайткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0