Дем алыш күндөрү Россиядан миңдей кыргызстандык мекенине алып келинди

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүАэропорттогу учак. Архив
Аэропорттогу учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дем алыш күндөрү Россиянын шаарларынан Кыргызстанга беш чартердик каттам уюштурулуп, жүздөгөн мекендеш үйүнө келе алды.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Ишемби, жекшемби күндөрү Россиядан чартердик каттам менен 871 кыргызстандык мекенине кайтып келди. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, кечээ, 15-августта, Санкт-Петербургдан Бишкекке 162 кыргызстандык алып келинген. Ушул эле күнү Новосибирск — Ош каттамы менен 150 жаран келип түшкөн. Ал эми Екатеринбургдан 163 мекендеш кайтып келген. "Ош" аба майданына Санкт-Петербургдан дагы бир чартердик каттам аткарылып 163 адам келген.

Россия Кыргызстан менен авиабайланыштын качан жандантарын айтты

Бүгүн болсо Москвадан Бишкекке 233 кыргызстандык алып келинди.

Жаңылыктар түрмөгү
0