Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© AFP / JUAN MABROMATAКол чатыр көтөргөн кыз. Архив
Кол чатыр көтөргөн кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
17-августта түнкүсүн республиканын кээ бир райондорунда жана тоолуу жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, ал эми дыйканчылык аймактарында күн ачык болот.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү, 17-августта, Кыргызстанда күндүн ысыгы 36 градуска чейин чыгат. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Эртең күндүз өлкөнүн кээ бир райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +30...+35, Талас аймагында +27...+32, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +31...+36, Ысык-Көлдө +21...+26 жана Нарын жергесинде +22...+27 градус болот.

Борбор калаада ала булут каптап, жамгыр жаашы мүмкүн, Ошто жаан-чачын болбойт. Термометр Бишкекте +32...+34, Ош шаарында +34...+36, Чолпон-Атада +23...+25 градусту көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0