УКМК бир катар кылмыштарга шектелген өзбекстандык жаранды кармады

© AFP / NOEL CELISКишенделген адам. Архив
Кишенделген адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Башкы прокуратура ага карата баш коргоо чарасын тандап, Өзбекстандын компетенттүү органдарына өткөрүп берүү маселеcин карап жатат.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет издөөдө жүргөн Өзбекстандын жаранын кармады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, коңшу өлкөнүн 47 жаштагы тургуну бир катар кылмыштарга шектелип, таптырбай жүргөн. 8-август күнү чекисттер аны колго түшүргөн.

Кармалган адам УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Учурда Башкы прокуратура ага карата баш коргоо чарасын тандап, Өзбекстандын компетенттүү органдарына өткөрүп берүү маселесин карап жатат.

УКМК: ИИМдин бөлүм башчылары кол астындагылардан акча талап кылган

Белгилей кетсек, 1993-жылдагы үй-бүлөлүк жана кылмыш иши боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер туралуу Минск конвенциясынын алкагында мамлекеттер бири-бирине кылмышкерлерди тапканга жардам берип, экстрадиция кылышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0