Өмүрдү алган 200 сом. Өзгөндө таксист жигитти муунтуп, сөөгүн өрттөп кетишкен

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүТакси автоунаасы. Архив
Такси автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркум негизги жумушунан сырткары такси айдап иштечү. Ал эки баланы тарбиялап, үчүнчү перзентин күтүп жаткан.

ОШ, 28-июл. — Sputnik. Өзгөн шаарында 29 жаштагы жигит киши колдуу болуп, сөөгү өрттөлгөн. Бул кылмышка шектелип эки өспүрүм кармалганын Ош облустук милициянын маалымат кызматы Sputnik Кыргызстанга кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, маркумдун апасы 24-июлда райондук милицияга арыз менен кайрылып, баласы ВАЗ (Lada) үлгүсүндөгү автоунаасы менен 19-июлда кечке жуук Өзгөн шаарындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз экендигин айткан.

Аталган факты Өзгөн РИИБдин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш ачылган.

"24-июль күнү кечинде изделип жаткан жигиттин машинасы Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагынан табылган. Ыкчам-тергөө тобуна жергиликтүү тургун 22-июлда түнкү саат 3:00дөр чамасында автоунаа күйүп жаткандыгын көрүп, өчүргөнүн билдирген. Өрттүн себебин аныктоо үчүн атайын экспертиза дайындалган", — деп айтылат маалыматта.

Кечээ, 27-июлда, түшкө маал ӨКМ кызматкерлери Өзгөндүн Кароол айылындагы Кара-Дарыянын жээгинен адамдын күйгөн сөөгүн таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп берген. Ал 19-июлдан бери дайынсыз болуп жаткан 29 жаштагы Ж.у.М экендиги аныкталган.

Эшикти талкалап киришкен. Бишкекте үч кыз каракчылыкка шектелип кармалды

Окуя Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча катталган. Ошол эле күнү кылмышка шектүү катары 16 жана 17 жаштагы эки өспүрүм кармалган.

Алар берген көрсөтмөсүндө таксистти кокусунан өлтүрүп алгандыгын айтышкан.

"Шектүү балдар шаар четиндеги касапканага баруу үчүн 150 сомго такси жалдашкан. Бирок белгиленген жерге келгенде айдоочу жол алыс экендигин айтып 200 сом сураган. Мындан улам ортодо чыр чыккан. Айдоочу жүргүнчүнүн бирөөсүн качырып жибербөө үчүн кармап алган. Ошол учурда экинчиси досун куткаруу үчүн анын мойнуна жип салып артка тарткан. Муунган айдоочу ошол жерде жан берген", — деп билдирди милиция.

Андан соң өспүрүмдөр сөөктү кайда катарын билбей, бензин чачып өрттөп, суунун жээгине таштап кетишкени айтылат. Унааны бир күндөн кийин башка аймакка айдап барып өрттөп жиберишкен.

Бишкекте акча алмаштыруу жайын тоноого шектелип "актер" кармалды. Фото

Мындан сырткары, окуя тууралуу досторунан угуп, бирок милицияга кабар бербегендиги үчүн шектүүлөрдүн үч таанышына кылмыш ишин жашыруу беренеси боюнча айып тагылган. Алардын экөө убактылуу кармоочу жайга киргизилип, бирөө 15 жашта болгондуктан үй камагына алынган.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Маркум Өзгөн шаарындагы банктардын биринде күзөт кызматында иштеген. Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы үчүнчү перзентин күтүп жаткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0