Жогорку соттун алгачкы төрагасы Качкынбай Бообеков дүйнө салды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков70-летие победы Великой Отечественной Войны
70-летие победы Великой Отечественной Войны - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бообековдун жасаган эмгектери ар кандай мамлекеттик сыйлыктарга татыган. Анын сөөгү бүгүн, 26-июлда, "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилет.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Жогорку соттун мурдагы төрагасы, КРге эмгек сиңирген юрист Качкынбай Бообеков 83 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Некрологдо Бообеков сот системасынын өнүгүшүнө эбегейсиз зор салым кошкону айтылат.

"Качкынбай Бообеков эгемендүү Кыргызстандын Жогорку сотунун алгачкы төрагасы болуп эсептелет. Ал 1991-жылы Жогорку соттун төрагалыгына шайланып, 1995-жылга чейин жетектеген. Төрагалык кылып турган мезгилде сот бийлигинин көз карандысыздыгын жана соттордун ролун күчөтүү боюнча маанилүү кадамдар жасалган", — деп жазылат некрологдо.

Ал 1996-2002-жылдары Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотун жетектеген. 2002-2007-жылдары Жогорку соттун судьясы болгон.

Абактагы укук коргоочу Азимжан Аскаров каза болду

Кесипкөй юристтин жасаган эмгектери ар кандай мамлекеттик сыйлыктарга татыган.

Маркумдун жакындарына жана үй-бүлөсүнө өлкө президенти тарабынан көңүл айтылды.

Бообековдун сөөгү бүгүн, 26-июлда, "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0