БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев Яс аралындагы UFC Fight Island 2 мелдешиндеги беттешин жеңди. Кыргызстандык мушкер англиялык Марк Диакези менен мелдештин башкы кардында күч сынашкан.
Бүгүн, 19-июлдун таңында, Абу-Даби шаарындагы “Мушкерлер аралында” өткөн беттеш үч раундга созулуп, калыстардын бир добуштан чыгарган чечими менен Рафаэль Физиев (Атаман) жеңүүчү деп табылды.
#UFCFightIsland2 #UFC #Fiziev is impressive. Great performance. pic.twitter.com/f6ngUW1B9o
— Mr Dos (@dos4real) July 19, 2020
Бул кыргызстандык мушкердин UFC мелдешиндеги кезектеги жеңиши болду.