Окумуштуулар өмүрдү узартып, карылыкты жайлатуунун сырын атады

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүМАУ "Комбинат питания" в Новосибирске
МАУ Комбинат питания в Новосибирске   - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер кандын курамында темирдин көп болушу өмүрдү кыскартарын далилдешкен. Аны жөнгө салып туруу үчүн малдын этин азыраак жегенге чакырышкан.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Британиялык жана германиялык илимпоздордун изилдөөсү боюнча, канда темирдин деңгээлин нормада кармоо карылыкты жайлатууга жана узак жашоогө өбөлгө түзөт. Бул тууралуу РИА Новости Communications журналына таянып жазды.

Окумуштуулар биологиялык карылыкка байланыштуу үч факторду изилдешкен. Алар өмүрдүн жалпы узактыгын жана оору-сыркоосуз өткөн убагын аныкташкан.

Биологиялык карылык — организмде өзгөрүүлөр жүрүп, анын кесепетинен жүрөк оорулары, рак же эс тутумду начарлаткан илдеттердин коштошу.

Окумуштуу: узак жашагандардын бир жалпылыгы бар

Окумуштуулар жашоонун узактыгын эсептөө үчүн маалымат базаларынан 1,75 миллион адам менен узак жашаган 60 миңден ашуун кишинин маалыматын алып, талдап чыгышкан. Натыйжада кандагы темирдин зат алмашуусуна катышкан гендин узак жашоого таасир бере турганы белгилүү болгон.

"Бул изилдөө кандагы темирдин деңгээли көп болсо, өмүрдү кыскартарын далилдеп турат. Аны дайыма бир калыпта кармоо бекем ден соолукта өмүр сүрүүгө кепилдик берет", — деп айтылат маалыматта.

Адистер белгилегендей, кандагы темирди жөнгө салып туруу үчүн туура тамактануу керек. Маселен, малдын эти темирге бай болгондуктан ченеми менен жеш керек.

Каныңыздын тобу кайсы? Коронавируска көп туруштук бере албачулар айтылды

Авторлор алардын изилдөөсү элдин узак жашоосуна салым кошот деген ишенимде.

Жаңылыктар түрмөгү
0