https://sputnik.kg/20200718/kleksan-alyp-satar-karmaldy-1049055432.html
Финпол: клексан дарысын соодалаган алып сатар кармалды. Сүрөт
Финпол: клексан дарысын соодалаган алып сатар кармалды. Сүрөт
Sputnik Кыргызстан
Учурда жасалма жол менен дары-дармектердин жана медициналык каражаттардын баасын жогорулатып сатууну алдын алуу иштери жүрүүдө. 18.07.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-07-18T13:46+0600
2020-07-18T13:46+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/103074/72/1030747257_0:255:4896:3009_1920x0_80_0_0_2ee9c3ba1b02b63ed6ff991474ce544a.jpg
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103074/72/1030747257_272:0:4624:3264_1920x0_80_0_0_c30cf7127c91112dd7e9d4103a9f8fdd.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, окуялар, финансы полициясы, бишкек, коронавируска байланыштуу кыргызстандагы кырдаал
жаңылыктар, коом, кыргызстан, окуялар, финансы полициясы, бишкек, коронавируска байланыштуу кыргызстандагы кырдаал
Финпол: клексан дарысын соодалаган алып сатар кармалды. Сүрөт
13:46 18.07.2020 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Учурда жасалма жол менен дары-дармектердин жана медициналык каражаттардын баасын жогорулатып сатууну алдын алуу иштери жүрүүдө.
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (Финансы полициясы) 50 куту клексан препаратын сатууга аракет жасаган адамды кармаган. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
Учурда өлкөдө жасалма жол менен дары-дармектердин жана медициналык каражаттардын баасын жогорулатып сатууну алдын алуу иштери жүрүүдө.
"Финансы полициясына арыз түшкөн. Анда Бишкектин соода борборлорунун биринин жер алдындагы автоунаа токтотуучу жайында клексан препаратын жогорулатылган баада сатууну каалаган адам кармалган. Шектүүнүн автоунаасын тинткен учурда 50 куту дары табылган", — деп айтылат маалыматта.
Мекемеден кармалган жаранга карата иликтөө иштери жүрүп, аталган дарыны кайдан алгандыгы такталып жатканын айтышты. Тергөөнүн жыйынтыгы менен күнөөлүүлөргө укуктук баа берилмекчи.
Клексан 14 миң сомго чыккан! Бишкекте алып сатарлар кармалды. Сүрөт
Финансы полициясы адам өмүрүнө маанилүү болуп турган дары-дармектерди атайын жогорулатылган баада саткан алып сатарларга оор кырдаалдан пайдаланып элге кыянатчылык жасабоону эскертет.
Мындай фактылар катуу жазаланат.