Боронов "Гансиге" барып, медиктер менен бейтаптардан кабар алды. Сүрөт

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Кубатбек Боронов "Семетей" обсервациясына барды
Премьер-министр Кубатбек Боронов Семетей обсервациясына барды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оор абалдагы бейтаптарды дал ушул "Семетей" обсервациясы кабыл ала алат. Учурда мында 600 ашуун оорулуу дарыланууда. Мекеменин аймагында реанимация бөлүмү уюштурулган.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Премьер-министр Кубатбек Боронов пневмониядан дарыланган бейтаптар жаткан "Семетей" обсервациясынан кабар алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Кыргызской Республики Кубатбек Боронов во время выездного совещания и ознакомления с работой обсервации "Семетей" (Ганси).
Премьер-министр Кубатбек Боронов пневмониядан дарыланган бейтаптар жаткан Семетей обсервациясынан кабар алды - Sputnik Кыргызстан
1/3
Премьер-министр Кубатбек Боронов пневмониядан дарыланган бейтаптар жаткан "Семетей" обсервациясынан кабар алды
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Кыргызской Республики Кубатбек Боронов во время выездного совещания и ознакомления с работой обсервации "Семетей" (Ганси).
Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди - Sputnik Кыргызстан
2/3
Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевМужчина во время ремонтных работ в обсервации "Семетей" (Ганси).
Дарыгерлер менен жолугушуу учурунда премьер реанимацияда түзүлгөн шарттар адам өмүрлөрүн сактоого көмөк берерин айткан - Sputnik Кыргызстан
3/3
Дарыгерлер менен жолугушуу учурунда премьер реанимацияда түзүлгөн шарттар адам өмүрлөрүн сактоого көмөк берерин айткан
1/3
Премьер-министр Кубатбек Боронов пневмониядан дарыланган бейтаптар жаткан "Семетей" обсервациясынан кабар алды
2/3
Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди
3/3
Дарыгерлер менен жолугушуу учурунда премьер реанимацияда түзүлгөн шарттар адам өмүрлөрүн сактоого көмөк берерин айткан

Дарыгерлер менен жолугушуу учурунда премьер реанимацияда түзүлгөн шарттар адам өмүрлөрүн сактоого көмөк берерин айткан.

"Бүгүнкү күндө COVID-19га шектелген оорулууларды кабыл алып жаткан көптөгөн медициналык мекемелер өнөкөт оорусу бар бейтаптарды кабыл ала алышпайт. Учурда дал ушул "Семетей" обсервациясында 600дөн ашуун оорулуулар дарыланууда. Ошондуктан анын аймагында реанимация бөлүмү уюштурулган. Мында Бишкек шаарынан жана Чүй облусунан да оорулууларды алып келишүүдө",— деди Боронов.

Башкы реаниматолог Жамиля Чынгышова маалымдагандай, учурда реанимацияда 50 адамга эсептелген орун бар.

Пневмония дарты өткөн суткада 29 адамдын өмүрүн алды

"40ка жакын врач-реаниматолог, ошондой эле клиникалык ординаторлор төрт нөөмөт менен иш алып барууда. Реанимациялык блок бардык зарыл жабдуу менен камсыздалган. Оорулууларды кычкылтек менен камсыздоо үчүн мында суюк кычкылтек концентраторлору жана өпкөнү дем алдыруучу аппараттар орнотулган. Реанимацияга дарты оорлошкон бейтаптар жаткырылгандыктан, жоготуулар да бар. Медицина кызматкерлери адам өмүрлөрүн сактоого колдон келген күч-аракетин жумшап жатат", — деди Чынгышова.

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевБашкы реаниматолог Жамиля Чынгышова маалымдагандай, учурда реанимацияда 50 адамга эсептелген орун бар
Боронов Гансиге барып, медиктер менен бейтаптардан кабар алды. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Башкы реаниматолог Жамиля Чынгышова маалымдагандай, учурда реанимацияда 50 адамга эсептелген орун бар

Өкмөт башчы зарыл болгон учурда кошумча күч тартыларын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0