Бишкекте COVID, пневмонияга кабылгандар үчүн кошумча орун уюштурулду. Дареги

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевОткрытие дневных стационаров в Бишкеке
Открытие дневных стационаров в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектеги күндүзгү стационарлар коомдук тамактануу жайларында жана башка мекемелерде ачылып жатканы айтылды.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Бишкекте коронавирус жана пневмония менен ооругандар үчүн кошумча орундар уюштурулду. Бул тууралуу брифингде шаар мэри Азиз Суракматов билдирди.

Оору кенен жайылып кеткенине байланыштуу өкмөт мэрияга тапшырма берген. Күндүзгү стационарлар коомдук тамактануу жайларда жана башка мекемелерде ачылууда.

Суракматов: пневмонияга чалдыккандар көбөйүп, шаардыктарга коркунуч жаратууда

Стационарлардын даректери:

  • “Континенталь” мейманканасы, 225 орунга ылайыкташкан, дареги: Интергельпо 1;
  • Каниметов атындагы №1 интернат, 120 орунга ылайыкташкан, дареги: Жибек Жолу проспектиси, 625;
  • Көрүүсү начар жана азиз балдардын мектеп-интернаты, 80 орунга ылайыкташкан, дареги: Кулатов, 37;
  • "Discovery" мейманканасы, 48 орунга ылайыкташкан, дареги: Оренбург туюк көчөсү, 31;
  • Доктор Назаралиевдин медициналык борбору (Бишкектин четиндеги Беш-Күңгөй айылы), 60 орунга ылайыкташкан;
  • Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы – 300 орун;
  • Ынтымак конушундагы “Дордой” ассоциациясы курган медресенин имараты, 150 орунга ылайыкташкан.

Мэр күндүзгү стационарлар саат 8:00дөн 20:00гө чейин иштеп жатканын, ал жактан дарыгерлерден кеңеш алып, тамчылатма жана башка уколдорду алууга болорун эскертет. 

Элге акысыз кеңеш берген психологдордун борбору түзүлдү. Телефон номерлери

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 8 486га жетти. Андан 2983 адам сакайып чыкса, 112 жаран каза тапкан.

Мындан сырткары, пневмония дартына чалдыгып, ооруканага кайрылгандардын саны өсүүдө. Март айынан бери бул илдеттен 286 адам көз жумду.

Өлкөдө коронавирус жана пневмония боюнча абал июнь айынын орто ченинен тарта кескин оорлошо баштаган.

Коронавируска байланышкан соңку жана маанилүү жаңылыктарды биздин Telegram-каналдан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0