Милиция бустун артынан кууп жеткенче айдоочу беш унаа менен кагышты. Видео

© Фото / Пресс-служба УОБДД ГУВД Чуйской областиПогоня за бусом от Александровки до Бишкека
Погоня за бусом от Александровки до Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кошунасынын кичи автобусун айдап качып кеткен жаран шаарга келгенге чейин беш автоунаа менен кагышып, көп күч жумшагандан кийин токтотулду.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. "Короче" Telegram-каналына автоинспекторлордун бусту кууп бара жаткан видеосу жарыяланды.

Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы окуя 3-июлда болгонун билдирди.

Бишкекте таксист мотоциклчен кишини коюп, андан соң түркүктү сүздү. Сүрөт

Александровка айылында кызматын аткарып жаткан инспекторлорго саат 12.00 чамасында жергиликтүү тургун кайрылган.

"Ал өзүнүн баласы кошунасынын Ford Transit үлгүсүндөгү автоунаасын сурабай айдап, Бишкек тарапты көздөй чыгып кеткенин айткан. Ошондой эле ал киши уулунун айдоочулук күбөлүгү жок экенин жана психикалык жактан жабыркай турганын билдирген", — деп айтылат маалыматта.
© Фото / Пресс-служба УОБДД ГУВД Чуйской областиКармалган бустун айдоочусу
Милиция бустун артынан кууп жеткенче айдоочу беш унаа менен кагышты. Видео - Sputnik Кыргызстан
Кармалган бустун айдоочусу

Мындан улам автоинспекторлор артынан кууп жөнөгөн. Бусту айдап чыккан бала мал базардын жанынан бир автоунаа менен кагышып, бирок ага карабай кете берген. Милиционерлер стационардагы постто нөөмөттө тургандарга кабарлаган. Токтотууга аракет кылган кызматкерлерди бустун айдоочусу коюп кете жаздап, ылдамдык менен өтүп кеткен. 

© Фото / Пресс-служба УОБДД ГУВД Чуйской областиМашина автоинспекторов которая участвовала в погоне
Токтотууна аракет кылган кызматкерлерди бустун айдоочусу коюп кете жаздап, ылдамдык менен өтүп кеткен - Sputnik Кыргызстан
1/2
Токтотууна аракет кылган кызматкерлерди бустун айдоочусу коюп кете жаздап, ылдамдык менен өтүп кеткен
© Фото / Пресс-служба УОБДД ГУВД Чуйской областиБус Ford Transit за которым автоинспекторы гнались от Александровки до Бишкека
Куугунга аз жерден кырсыктабай калгандар кошулган - Sputnik Кыргызстан
2/2
Куугунга аз жерден кырсыктабай калгандар кошулган
1/2
Токтотууна аракет кылган кызматкерлерди бустун айдоочусу коюп кете жаздап, ылдамдык менен өтүп кеткен
2/2
Куугунга аз жерден кырсыктабай калгандар кошулган
"Айдоочу Бишкекке чейин келип Гагарин көчөсүндө эки автокөлүк менен кагышкан. Андан соң Асаналиев көчөсүнөн дагы бир Toyota Camry менен сүзүшкөндөн кийин кармашкан. Мунун кесепетинен беш автоунаа жабыркаган. Анын бири милицияныкы. Айдоочу кармалып, тийиштүү материалдар тергөөчүлөргө өткөрүп берилди", — деп кабарлады маалымат кызмат.

Азыркы тапта айдоочунун бөгөт чарасы каралууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0