Бириккен Араб Эмирлигинен 191 кыргызстандык Бишкекке келди
Бириккен Араб Эмирлигинен 191 кыргызстандык Бишкекке келди
Sputnik Кыргызстан
Мекендештер Дубай — Бишкек маршрутундагы FlyDubai авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен алып келинди. Арасында балдар да бар. 03.07.2020, Sputnik Кыргызстан
Мекендештер Дубай — Бишкек маршрутундагы FlyDubai авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен алып келинди. Арасында балдар да бар.
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Бүгүн, 3-июлда, Бириккен Араб Эмирлигиндеги (БАЭ) 191 кыргызстандык кайтып келди. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Дубай — Бишкек каттамы менен келген FlyDubai авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен келген мекендештердин арасында балдар да бар.
Дубай — Бишкек каттамы менен келген FlyDubai авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен келген мекендештердин арасында балдар да бар.
"Дубай аэропортундагы бекитилген тартипке ылайык, каттамдагы бардык жарандар учар алдында коронавирус инфекциясына экспресс-тест тапшырышты", — деп айтылат маалыматта.
ТИМ билдиргендей, бул каттам БАЭ менен жетишилген сүйлөшүүлөрдүн негизинде ишке ашырылды. Сыртта калган мекендештерди Кыргызстанга кайтарып келүү боюнча иштер улантылууда.