00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Курорты и санатории: как идет реконструкция и за чей счет?
08:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ысык-Көлдү жана Кыргызстандын көлдөрүн мыйзамсыз балык торлорунан жана желим таштандылардан арылтуу
09:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Рост товарооборота и новые инвестиционные проекты — беседа с торговым представителем РФ в КР
10:04
24 мин
Тема дня
Как дефицит воды меняет сельское хозяйство Кыргызстана
10:31
22 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кафе-ресторандарда тейлөө акысын алууга тыюу салуу күчүнө кирди — иш кандай жүрүп жатат?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Замена водительских прав - что важно знать сейчас
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окуучу менен мугалимдин мамилеси. Көйгөй эмнеден жаралууда? Эксперт менен маек
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Чингисхан был кыргызом? Что говорит история и наука - беседа с академиком
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Параплавание: спорт, который учит верить в себя
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Итоги ОРТ 2025 года и как с годами меняется тест
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кошок жанры алтайлыктарда “сыгыт ырлары” деп аталат
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
20:06
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Имарат берип, жабдуу таап, медик чогултуп... Эл ооруга каршы бир муштумга түйүлгөндө

© AFP / ALBERTO PIZZOLIДарыгерлер. Архив
Дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мейманкана бейтапканага, окуу борбору COVID менен күрөшүү мекемесине айланат. Өкмөттү күтпөй, акча чогултуп жасалма дем алдыруучу аппараттарды сатып келүүдө. Муну оор күндө ишкерлердин мамлекетке кошкон салымы десе болот.

Учурда медициналык мекемелерде 492 жасалма дем алдыруучу аппарат, 719 кычкылтек концентратору бар. Бирок өлкө дагы 220 жасалма дем алдыруучу аппаратка жана 2003 кычкылтек концентраторуна муктаж экени белгилүү болду. Себеби күн сайын оору жуктургандар көбөйүп, медициналык жабдуулар жетишпей калууда.

Өкмөт башчы Кубатбек Боронов эртең Кытайдан 500, кийинки жумада дагы ушунча кычкылтек концентратору алып келинерин билдирди. Бирок бул дагы жетишсиз. 

Ошону менен бирге эле оорулууларды кабыл алганга бейтапканалар, медиктер жетишпей жатканы учурдун негизги көйгөйүнө айланды.

Мындай учурда эл ичинен чыккан ишкерлер кол куушуруп турбай мамлекеттин жүгүн жеңилдетүүгө киришти. Sputnik Кыргызстан кыйын кырдаалда кимдер, кандай жардам берип жатканын жарыялайт.

Ишкерлер 70 аппарат алып берет

Жергиликтүү бизнесмен Адылбек Абасов медициналык жабдууларды сатып алып берүүнү демилгелеп өзүнүн жанынан жана башка ишкерлердин колдоосу менен Түркиядан 70 кычкылтык концентраторуна буюртма бергенин билдирди. Ар биринин баасы 550 доллар. Жабдуулар дүйшөмбү күнү Бишкекке келип каларын айтат. 

Жардам берүүгө ынтызар адамдар көп болгондуктан банктык эсеп ачып, дагы каражат чогултуп жатышат. Мунун натыйжасында дагы көбүрөөк концентратор алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Реквизиттери: Элсом 0700 977779; банктык эсеп (KICB) 4446744528612549.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Адылбек Асанов (@adylbekasanov)

Ырчылар четте калган жок

Бул демилгени колдогон КРдин эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков эки кычкылтек концентраторун алууга акча которгонун жар салды. Ырчы аны улай эле колунда бар адамдарга да кайрылып өттү.

“Бизде байлар абдан көп, 100 миң сом эмес, 100 миң доллар бергенге кудурети жете тургандар бар. Байкелер, сиздерге кайрылып кетмекчимин, ушундай оор абалда жардамыңыздарды берип коюңуздар”, — деди Атабеков.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Мирбек Атабеков (@mirbek_atabekov)

Бул видеонун астына ырчы Анжелика дагы бир концентратор алып берерин жазды. 

Көп бириксе тоо томкорот. Боронов ыктыярчы медик болууга чакырып шартын айтты

"Дордойдо" иштеген айымдар каражат чогултууда

"Дордой" базарында эмгектенген айымдардан түзүлгөн “Нурлуу кайрымдуу кыздар” коому 30 кычкылтек концентраторун Россиядан алдырып берүүгө камынууда. Бул туурасында коомдун лидери Венера Калыбаева билдирди.

“Бизде 80 айым бар. Оор кырдаалда четте карап турбай ар бири 100, 500 доллардан берип жатат. Азыр 30 концентратор алууга сүйлөшүп жатабыз. Россияда 400 доллардан экен, бүгүн жүктөп жолго чыгат. Каражат көп чогулуп калса кошумча дагы буюртма беребиз”, — деди Калыбаева. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Ven'Stella collection (@venera_sovetbekovna)

Ишкерлерди жардамга тарткан ишкер

Жарандык активист, ишкер Тилек Токтогазиев кычкылтек концентраторун сатып алууга каражат чогултуп баштаганын билдирди. Учурда 10 миң доллар жыйналганын айтып, буга 20 аппарат алууга белсенип турушат. Андан тышкары тойкана, спорт залдары бар ишкерлер менен сүйлөшүп, госпиталга берүүсүн сурап жүрүшкөнүн айтты. Ошону менен катар Токтогазиев кырдаалдан чыгуунун бир жолун сунуштады.

Билим берүү мекемеси бейтап кабыл алат

Билим берүү министринин мурдагы кеңешчиси, бир нече окуу борборлорунун негиздөөчүсү Нурсултан Кубанов өзүнүн бир имаратын бейтапканага бере турганын маалымдады.

“Бишкектеги эң чоң окуу борборубуздун аянты 450 чарчы метр, техникалык талаптарга жооп берет. Ушуну коронавирус менен күрөшүп бүткөнчө берип турууга даярбыз. Урматтуу ишкерлер, ушул челленджди колдоп, колуңардан келишинче жардам бериңиздер. Ишкерлер акчаны элден алып табат, ушундай оор маалда унчукпай жатып алсаңар, анда билбейм!” — деп жазган Кубанов.

Ишкер өзү дагы эки тараптуу пневмонияга чалдыгып 10 күндөн бери дарыланып жатат. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Nursultan (@kubanov_nursultan)

Мейманкана бейтапканага айланат

Ишкер Расул Айдаров Бишкектин чок ортосунда жайгашкан беш кабаттуу мейманканасын медиктерге берүү ниетин билдирди.

Имарат 60 киши тосууга ылайыкташканын айтып, бирок 120 керебет коюуга болорун белгиледи. Учурда ишкер менен өкмөттүн, Саламаттык сактоо министрлигинин жана мэриянын өкүлдөрү байланышып, тактоо процесси жүрүп жатат.

“Биздин кардарлардын көбү чет элдиктер болчу. Чек аралар жабылгандан кийин жумушубуз токтоду. Азыркы кырдаалды эске алып, мейманканабызды мамлекетке убактылуу берип турууну чечтик”, — деди Айдаров.

Боронов партияларга: шайлоого коротчу акчаңарды COVID менен күрөшүүгө бергиле

ЖК кызматкери тойканасын берди

Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын бөлүм башчысы Базарбай Мусабеков тойканасын госпиталь катары колдонууга бере турганын жазды. Ал өзү да учурда пневмония менен ооруканада дарыланып жаткан экен.

Элдик медиктер тобу

Журналисттер Семетей Талас уулу жана Тынчтык Алтымышев ыктыярчы медиктерден турган Элдик жардам тобун уюштуруп жатканын социалдык баракчасына жазышты. Өлкөнүн ар тарабынан ийне сайганды билген адистерди чогултуп, ооруп жаткан адамдарга жардам беришет.

Алар атайын эсеп ачып, түшкөн акчага медиктер үчүн жеке коргонуу каражаттарын сатып алышууда.

Мындан сырткары, кадр жетишсиздигинен улам өкмөт жарандарды ооруканаларда өз ыктыяры менен келип иштөөгө чакырып жатат. Аларга акы төлөнөт.

Өлкөдө коронавируска жана пневмонияга чалдыккандар күн санап көбөйүп жатат. Тилекке каршы, каза болгондордун саны дагы өсүүдө. Бишкек менен Чүйдө эпидемиологиялык абал өтө оор. 

Белгилей кетчү жагдай, ушундай оор күндө жардам берчүлөрдүн саны көбөйүп, тизме уланышы мүмкүн.

"Гансиде" пневмония болгондорду кабыл алуу үчүн 600 орун даярдалды. Сүрөттөр

Жаңылыктар түрмөгү
0