00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Креативдүү индустрияга салыктык жеңилдиктер кандай максатта берилип жатат?
09:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Риск на работе: где заканчивается обязанность работника и начинается ответственность работодателя
10:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ичеги-карын оорулары жана рагы: себептери, белгилери, алдын алуу жана дарылоо
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Будь в курсе
Государство выбрало пряник вместо палки - замглавы ГНС о налоговых льготах для блогеров, общепита и IT
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Эндоскопиянын жаңы доору: Кыргызстанда аз инвазивдүү хирургия кантип өнүгүп жатат?
13:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Баңгизаттар көзөмөлдөбү? Кыргызстан жаңы коркунучка кантип каршы күрөшүүдө
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Аялдар үчүн саякат эмне үчүн маанилүү: жаңы таасирлер жана ички өсүү
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Сүрөтчү-декоратор Молдожан Токтогуловдун тагдыры жана чыгармачылыгы
19:06
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Баңгизаттар көзөмөлдөбү? Кыргызстан жаңы коркунучка кантип каршы күрөшүүдө
21:05
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Баткенде эл чогултуп той, түлөө өткөрүүгө, куран окутууга тыюу салынды

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевУкук коргоо органдарынын кызматкерлери текшерүү пунктунда турушат. Архив
Укук коргоо органдарынын кызматкерлери текшерүү пунктунда турушат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган облуста өткөн суткада эле 18 кишиден коронавирус аныкталып, жалпы оорулуулардын саны 70ке чукулдады. Аймакта көп убакыттан бери абал туруктуу болчу.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Баткенде коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнө жол бербөө максатында бир катар чектөөлөр кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, соңку учурларда Баткенде дагы вируска чалдыккандардын саны өсүп жатат. Жалпысынан оору 69 кишиге жуккан. Ал эми өткөн суткада 18 кишиден аныкталган.

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу киргизилген чектөөлөр:

  • мечиттерде жума намаздарын жамаат менен окууга убактылуу тыюу салынып, үйдө окуу сунушталат;
  • той, куран окутуу, түлөө (кудайы), үлпөт мааракелерин өткөрүүгө убактылуу тыюу салынат;
  • облустун аймагындагы коомдук тамактануучу жайлар, кафе, ресторан, ашкана жана дүкөндөрдүн ээлери санитардык эрежелерди сактабаса жабылат;
  • коомдук транспорттун айдоочулары жана жүргүнчүлөр санитардык норманы сактабаса тиешелүү чаралар көрүлүп, ээси каттамдан четтетилет;
  • аймактарда кафе, ресторан жана ашкана коомдук тамактануучу жайлар күн сайын саат 08:00дөн 20:00гө чейин гана иштейт;
  • соода түйүндөрү, дүкөндөр күн сайын саат 07:00дөн 19:00гө чейин гана иш алып барат;
  • базарлар саат 09:00дөн 17:00гө чейин иштейт;
  • балдар оюн аянтчалары, көчөдө уруксатсыз соода жүргүзгөн пункттарга жана тейлөөнүн түрлөрүнө тыюу салынат;
  • тойкана, түнкү клубдар, барлар, караоке-клубдар жана башка оюн-зоок мекемелери кардарлардын санына карабастан иштетилбейт. Кабыл алынган нормаларга ылайык карантин режимин бузгандыгы үчүн суу жана электр жарыгын өчүрүү сунушталат;
  • балдар оюн-зоок мекемелери менен футбол аянтчаларына иштөөгө тыюу салынат.
Жаңылыктар түрмөгү
0