Кондиционер коронавирусту жайылтабы. Адистин пикири

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүБет капчан аял кол чатыр менен турат. Архив
Бет капчан аял кол чатыр менен турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер Ухань шаарында кафеде отурган бир аялдан массалык түрдө башкаларга вирус кантип жукканын билүү үчүн иликтөө жүргүзүп көрүшкөн.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Эгер бөлмөдө коронавирус жугузган адам болсо, кондиционер вирусту айланадагылардын баарына таратат. Бул туурасында кытайлык окумуштуулар билдиргенин ВВС жазды.

Адистер Ухань шаарында кафеде отурган бир аялдан массалык түрдө башкаларга вирус кантип жукканын билүү үчүн иликтөө жүргүзүп көрүшкөн.

"Коронавирус жуктурган аял кондиционердин жанында отурган. Бирок ошол учурда андан вирус илештирип алган тогуз киши залдын башка тарабында, бейтаптан бир топ алыс орун алышкан. Алар илдетке чалдыккан аял менен кез келип, жакындашкан дагы эмес. Демек, кондиционер аял жөтөлүп же чүчкүргөндөгү абаны залдын башка бурчуна айдап барган", — деген бүтүмгө келген кытайлык адистер.

Кесиптештеринин мындай пикири менен украиналык дарыгер-гигиенист Данила Бриндак дагы макул болду.

Клавиатураны тазалап тур. Кеңседеги вирустан арылуу жолдору

Ал Япониядагы Diamond Princess кемесиндеги үч миң адам катуу изоляцияга алынганына карабай 700дөй адам вирус жуктуруп алганына кондиционердин тиешеси бар деп эсептейт.

"Кептин баары кондиционердин иштөө техникасында. Анткени иштетээрибиз менен эшик-тезерени жабабыз. Демек, ал бир эле абаны салкындатып, айлантып турат. Бул учурда оорулуу киши бөлүп чыгарган вирус эч жакка чыгып кетпейт, кайра эле айланып жүрүп, башка кишинин организмине кирет", — деди дарыгер.

Кытайдын алдыңкы эпидемиологу COVID пандемиясы качан бүтөрүн божомолдоду

Бирок бул акыркы бүтүм болбошу керектигин, дагы терең иликтөөлөр зарыл экенин айткан окумуштуулар дагы жок эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0